Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Кош Жаке, күн тийбес жерде уктайсың


Жадылбек Мидинов, режиссер.
Жадылбек Мидинов, режиссер.

2021-жылдын 8-августунда 65 жаш курагында узакка созулган оорудан Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, кыргыз театр искусствосунун таланттуу режиссеру, Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси Жадылбек (Жалил) Мидинов дүйнөдөн кайтты.

Жалил экөөбүз Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окуп жүргөндө таанышып, көз караш, ой-пикирибиз келишип ынак жолдош болуп кеттик. Мүнөзү жумшак, ашыкча сүйлөбөгөн, алдым-жуттуму жок сыпаа жигит эле. Тагдырдын буйругу менен 1990-жылы Ленинградда дагы бирге окуп, бирибизге–бирибиз караан болдук. Мен Черкасов атындагы ЛГИТМикте А.Мушкатиндин, сен Орусия Федерациясынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери А. Белинскийдин курсунда куурчак режиссурасында элең.

Кышында бир жолу окуу жайга барсам жоксуң, балдардан сурасам эки күндөн бери көрүшпөгөнүн айтышты. Сен көгөрүп атып Мамлекеттик Образцов атындагы чоң куурчак театрынын жатаканасынан орун алгансың. Барсам дене табың көтөрүлүп төшөккө жатып калыпсың. Мен сени Опочининадагы жатаканга алып барайын десем болбойсуң, тез жардам чакырайын десем ага көнбөйсүң. Сыпаа, жооштугуңдан кээде көктүгүң, кежирлигиң өтүп кетээр эле, кургурум. Болбой атып Опочининадагы жатаканга алып барып, анда кененчилик койдун этинен алып келип кайнатып, кыргызча эле сорпого калемпир, мурч кошуп ысык майлуу сорпону бергенде нымшып чыгып “чын эле суук өтүп кеткен го” деп ырсайганыңды эстеп алып эзилип отурам, эсил кайран курдашым.

Эртең менен куландан соо болуп турганыңда "эми этин жеп ал десем", майын жебей бөлүп, кара кесегинен бир аз жеп сабакка барам дедиң. "Эшик суук, барбай эле кой" десем болбой көгөрдүң. Сабак болобу, жумуш болобу деги эле бул жалган жашоого тактыгың ар бир нерсеге жоопкерчилигиң бөтөнчө эле. Болбой атып таксиге түшүп кеткениңде “эмнеге мынча жаныңа күч келтирдиң” экен кайраным деп отурам.

Кыргызстанга келип "куурчак театр өнөрүн оңдойм" деп көгөрүп аракет кылдың. Канча күч кубат, канча нерв, канча иш аракетиңди жактырбагандар, түшүнбөгөндөр, көрө албастар, бут тоскондорду эстеп бул жашоонун жалгандыгына аргасыз ынанасың. Өткөн жылы ооруп жүрөм дегениңде "жумуштарыңды токтотуп жаныңды кара, ден соолук болсо жумуш табылаар" деп акыл айтканым эсте.

Нарын театрында башкы режиссер болуп турганыңда мага телефон чалып, “Ой-иий, дос, быяктын суугуна кантип чыдап иштегенсиң, суугу сөөктөн өтөт экен" дегениңде, "Баягы Ленинграддагыдай болбой ысык сорпо ичип жүр?" дедим эле. Сен тамашалап "Быякта май түгүл, казы-карта, чучук жегенге үйрөндүм” деп күлдүргөнүңдү эстеп арман кылып отурам.

Ленинградда чогуу окуп жүргөн досубуз Тыныбекке телефон чалып көңүл айтып: "Тыке, кайрат кыл, Жакем созулган жигит эле” - десем, "Созулган кайран Жаке, булуттай созулуп акыретке моюн сунду" деп көзүнө жаш алды.

Кош Жаке! Ыйманың саламат, топурагың торко болсун! Үй-бүлө, жакын туугандарыңа сабыр кылгыла демекчимин. Көзүбүздүн тирүүсүндө жаркын элесиң ар дайым эсибизде. Блогдун соңунда эски элдик ыр эске түштү.

ЭМИ ЖАКЕ!

Күн тийбес жайда уктайсың,
Биз күйсөк үндү укпайсың.
Күн батса чыгат эртеси,
Күн менен кошо чыкпайсың.

Ай тийбес жерде уктайсың,
Армандуу үндү укпайсың.
Ай батса чыгат эртеси,
Ай менен кошо чыкпайсың.

Жадылбек (Жалил)Мидиновдун чыгармачылык жана өмүр таржымалы

Жадылбек Мидинов 1956-жылы 15-июлда Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылында жарык дүйнөгө келген. 1973-жылы айылындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Кыргыз Улуттук Т. Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студиядан билим алган. Аталган студияны бүтүрүп чыгып, М. Жангазиев атындагы Республикалык куурчак театрында актер болуп эмгек жолун баштаган.

1983-1987-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун “театр режиссеру” адистигин аяктаган.

1990-1991-жылдары Санкт-Петербург шаарында Н. Черкасов атындагы мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунда жогорку режиссердук курста белгилүү режиссер, Орусия Федерациясынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер режиссер А. Белинскийдин курсунда окуган.

Окууну аяктаган күндөн тартып, М. Жангазиев атындагы куурчак театрында башкы режиссер болуп эмгектенет.

1996-1998-жылдары Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында режиссер-коюучу кызматын аткарган. 1998-жылы эксперименталдык куурчак театрларынын негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп “Тунгуч” театрынын алдында иш алып барган.

2008-жылы кайрадан М. Жангазиев атындагы куурчак театрында башкы режиссер болуп дайындалат. Андан соң, театрдын көркөм жетекчиси жана режиссеру, Чүй облустук Ш. Термечиков атындагы театрдын режиссеру, Нарын облустук М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси, акыркы учурда Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында көркөм жетекчилик кызматтарды аткарып келди.

Жадылбек Мидинов чыгармачылык өмүрүндө В.Гауфдун «Калиф-аист», Ж. Саалаевдин «Меер-мөөр», С. Козловдун «Поющий поросенок» Ж. Сейдахматованын «Куурчактар жана балдар” шоу-программасын, Ш. Перронун «Спящая красавица», Ж. Мидиновдун «Жалгыз чабан», Р. Маркованын «Лесная пасека», В. Масловдун «Күнөстүү коёнек», Э. Мусаевдин «Ким күнөөлүү», Ж.Кулманбетовдун «Уурдалган от», Р. Мингалимовдун «Темир кулактуу шайтан», Ю.Тойчубековдун «Кыдыр», Ж.Садыковдун “Зыкым жана байкуш”, В. Масловдун «Коёнек», Ош ОУДТда «Токойдогу окуя», «Кетпечи Бугу-Эне» спектаклдерин сахналаштырган.

Анын эң бир синтездештирилип коюлган негиздүү спектаклдеринин бири Б. Өмүралиевдин «Томого» пьесасынын негизинде коюлган чыгармасы болду жана көптөгөн алдыңкы сыйлыктарга жетишти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG