Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Эл артисти Алиман Жанкорозованын элесине арналган китеп чыкты


Кыргыз эл артисти Алиман Жанкорозованын элесине арналган китеп чыкты. Бул тууралуу 23-майда “Азаттык” радиосуна китептин автору, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси Ракыя Жусупова билдирди.

Автордун айтымында, театр жана кино актрисасы Жанкорозованын 100 жылдыгына арналып чыгарылган китепте анын өмүрү жана чыгармачылыгы ар тараптуу изилденип, өнөр жолуна тыкыр саресеп салынган.

Китеп өнөр чеберинин жеке архивинин, театр изилдөөчүсү Сарман Асанбековдун “Алиман Жанкорозова” деген жыйнагынын жана автор Ракыя Жусупованын архивдик материалдарынын, макала, маектеринин негизинде даярдалды.

Алиман Жанкорозова 1914-жылы (айрым булактарда 1916-жылы) Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. 20 жашында Кыргыз драма театрынын актрисасы болуп, 1934-1937-жылдары Ош облусунун Өзгөн шаарында өзү уюштурган театрда эмгектенген. Кийин Бишкекте, Ысык-Көлдө жана Нарында драма театрларында иштеп, 42 жылдык өнөр жолунда 160 театралдык роль жараткан. Кино тармагына 1961-жылдан баштап аралашып, “Кыргызфильм”, “Мосфильм”, “Казакфильм” киностудияларынын 30дан ашуун тасмасында тартылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG