Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев 2-октябрга чейин камалды. Анын баш коргоо чарасы 4-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.
Ал "абактагыларды мөөнөтүнөн мурда бошоткон, соттолгондордун шарттарын жумшартууда туруктуу коррупциялык схема уюштурган" деп айыпталууда.
Нуралиевди Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 2-августта кармап, убактылуу кармоочу жайына киргизген. (SE)
Facebook шеринеси