Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Олимпиада: Кыргызстан медалдар тизмесинде 61-орунга көтөрүлдү


Кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмактагы байге ээлери. Мээрим Жуманазарова оңдон биринчи. 3-август, Токио.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмактагы байге ээлери. Мээрим Жуманазарова оңдон биринчи. 3-август, Токио.

Токиодо өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан 61-орунга көтөрүлдү. Бир күн мурун 64-катарда эле.

Учурда кыргыз спортчуларынын капчыгында эки күмүш, бир коло байге бар. Бул 4-августтун жыйынтыгына карата маалымат.

Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло байге алышкан.

Медалдардын саны боюнча биринчи орунда Кытай (32 алтын, 22 күмүш, 16 коло), экинчи орунда АКШ (25 алтын, 30 күмүш, 22 коло), үчүнчү орунда Жапония (20 алтын, 7 күмүш, 12 коло).

Борбор Азия мамлекеттеринен Өзбекстан 30-орунда (эки алтын, бир коло), Түркмөнстан 70-катарда (бир күмүш), Казакстан 75-орунда (үч коло). Тажикстандык спортчулар байге албай мелдештерди жыйынтыктады.

Жапониянын борборунда 23-июлда расмий ачылган Олимп оюндарына 200дөн ашуун мамлекеттен 12 миңге жакын спортчу барды. Анда спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулууда.

Эл аралык мелдешке Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. Алардын ону байге ала албады.

Алдыдагы күндөрү кыргызстандык үч спортчу күч сынашат. Алар - балбандар Айаал Лазарев, Эрназар Акматалиев жана жөө күлүк Дарья Маслова.

Мамлекет алтын медал алгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

Олимпиада 8-августта жыйынтыкталат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG