Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазарованы президент куттуктады


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш жана коло медал алган кыргыз спортчулары Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазарованы куттуктады.

"Мындай жетишкендик улуттук спорттун тарыхында көп деле болгон эмес, ошондуктан бул ийгилик жалпы кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү жана өтө баалуу", - деди Махмудовго жолдогон куттуктоосунда.

Ал эми Жуманазарованы куттуктаганда таланттуу спортчу кыздар улуттук спорттун тарыхында жаңы барак ачып, өлкөнү дүйнөлүк деңгээлде даңазалаганын белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жапониядагы Жайкы Олимпиадада 3-август күнү грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге алып, өлкөнүн рейтинги жогорулады. 4-августта Айсулуу Тыныбекова алтын үчүн күрөшөт.

Жапониянын борборунда 23-июлда расмий ачылган Олимп оюндарында 200дөн ашуун мамлекеттен 12 миңге жакын спортчу барды. Анда спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат.

Эл аралык мелдешке Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. Алардын тогузу байге ала алган жок. Мамлекет алтын медал тагынгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

Олимпиада 8-августта жыйынтыкталат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG