Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун "Жаш толкун" поэзия сынагы уланууда


Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, белгилүү саясатчы, акын Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун жаш акындар арасында уюштурган "Жаш толкун" поэзия сынагы уланууда. Бул күндөрү сынактын экинчи туруна тандалган 22 акын Ысык-Көл жээгинде чеберчилик боюнча мастер-класстан өтүп, сынактарга катышып жатышат.

2-августта сынактын алгачкы тандоо турунан өткөн жана көлгө жолдомо алган катышуучуларга сыйлык тапшыруу аземи Бишкекте өткөн.

“Жаш толкун” сынагын 2020-жылдын октябрь айында түзүлгөн Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте уюштурган сынактын негизги максаты – жаш акындарга шык берүү жана колдоо көрсөтүү.

Ысык-Көлдө өтүп жаткан турда төрт жеңүүчү аныкталат. Баш байгени уткан акынга 100 миң сом тапшырылат. Ошондой эле ал Улуттук жазуучулар союзуна мүчө болуп кабыл алынат.

Парламенттин мурдагы төрагасы, акын, илимпоз жана ишкер Чыныбай Турсунбеков 2020-жылы июлда 60 жашында коронавирус жугузуп алып каза болгон. (NbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG