Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

АКШ Орусиядагы 182 дипломатын кыскартат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Америка Кошмо Штаттары орус бийлигинин чечимине байланыштуу Москва, Владивосток жана Екатеринбургдагы дипломатиялык миссияларда иштеген 182 кызматкерин кыскартууга мажбур экенин билдирди. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин билдирүүсүндө айтылат.

Орус өкмөтүнүн буйругуна ылайык, АКШ элчилигине Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн жарандары менен эмгек келишимин түзүүгө тыюу салынган.

Мындай чектөө апрель айында Орусиянын президенти Владимир Путиндин жарлыгы менен киргизилген. Ал эми 13-майда Кремль АКШ менен Чехияны тизмеге кошкон. Орус тарап АКШны 2021-жылдын 1-августуна чейин буйрукту аткарууга милдеттендирген.

АКШнын мамлекеттик катчысы бул чаралар АКШнын Орусиядагы миссиясына, өзгөчө дипломатиялык кызматкерлердин коопсуздугуна "олуттуу" таасирин тийгизерин белгиледи.

"Биз орус бийлигинин бул чечимине өкүнөбүз, бирок АКШ Орусия менен пландалган иштерди улантууда өз милдеттенмелерин аткарат", - деп айтылат Блинкендин билдирүүсүндө.

Буга чейин Москва АКШнын он дипломатын өлкөдөн чыгарууну чечкен. Америкалык жогорку даражалуу сегиз чиновникке Орусияга кирүүгө тыюу салган. Бул кадам киберчабуулдар үчүн АКШ Орусияга каршы киргизген санкцияларга жооп болгон. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG