Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:58

Чек ара кызматы: Кум-Мазарда чарбалык иштерди жүргүзбөөнү сүйлөштүк


Көк-Таш айылынын кире бериши.
Көк-Таш айылынын кире бериши.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 24-июлда Баткендин Тумба аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп сүйлөшкөнүн маалымдады. Жолугушууга эки тараптын жергиликтүү бийлик башчылары жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

“Жолугушууда Кыргызстандын Кум-Мазар жана Тажикстандын Сомоньен жерлеринде кандайдыр бир чарбалык иштерди жүргүзбөө макулдашылды”, - деп айтылат билдирдүүдө.

Чатактарды алдын алуу үчүн эки өлкөнүн чек арачылары менен күч кызматкерлери биргеликте иш алып бармай болушту.

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы 24-июлда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуусу боюнча маалымат берген. Анда Кум-Мазар жеринде тажик жарандары кыргыз тарап менен макулдашпастан тазалоо иштерин жүргүзгөндүктөн чыр чыкканын маалымдаган.

“Озоди” радиосу жергиликтүү тургундарга шилтеме берип, кыргызстандык чек арачылар биринчи болуп ок чыгарганын жазды. Ага тажик чек арачылары жооп кылганы айтылат. Тажикстандык тургундардын айтымында, алар Кум-Мазар деген жерде ишембилик кылып жатканда чыр чыккан. Тажикстандын “Азия-Плюс” басылмасы бир аскер жаракат алганы кабарланып жатканын маалымдаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар буга чейин да болгон. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши каза болуп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Ал эми 8-июлда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан 27 жаштагы кыргызстандык чек арачы набыт болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG