Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

"Дельта" штаммы тездик менен жайылууда


Москванын коронавирустан дарылаган ооруканасында тартылган сүрөт. 2021
Москванын коронавирустан дарылаган ооруканасында тартылган сүрөт. 2021

Коронавирустун алгач Индияда чыккан "дельта" түрү дүйнөнүн улам бир өлкөсүндө аныкталууда. Бул штамм канчалык жугуштуу жана коркунучтуу? Андан вакциналар сактай алабы?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, коронавирустун "дельта" түрү кеминде 80 мамлекеттен аныкталып, андан ары тездик менен жайылып баратат. Бул штаммды жугузуп алгандар Британияда эң көп катталган. 22-июнда падышачылыкта 52 миңден көп адамдан "дельта" вирусу аныкталган. Андан кийинки орунда Индия, АКШ, Германия турат. Коронавирустун дал ушул түрү Орусияда башталган "жаңы толкундун" башталышына себеп болгону кабарланды.

Москва менен Санкт-Петербург шаарында соңку бир сутка ичинде өлгөндөрдүн саны пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Орусиянын баш калаасында 23-июнда коронавирустан 88 адам өлсө, Санкт-Петербургда 93 киши көз жумду.

Коронавирустун "дельта" түрү канчалык жугуштуу экенин окумуштуулар изилдеп жатышат. Анткен менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы адиси Мария Ван Керкхове бул штамм Британияда чыккан "альфа" түрүнө караганда жугуштуураак экенин "Твиттерге" жазды.

"Дельтанын" алгачкы белгилери

"Дельтанын" алгачкы белгилери коронавирустун башка түрлөрүнөн айырмаланат. Коронавирустун бул түрүнө кабылгандар негизинен башы ооруп, тамагы кычышып, мурундары бүтүп, кээде дене табы көтөрүлгөнүн айтышкан. Айрымдарыныкы жөтөл менен коштолгон.

Вакцина коронавирустун бул түрүнөн коргойбу?

Маалыматтарга караганда, BionTech/Pfizer жана AstraZeneca вакциналары коронавирустун "дельта" түрүнө туруштук бере алат. Муну Американын башкы эпидемиологу доктор Энтони Фаучи да ырастады.

"Биздин бардык вакциналарыбыз "дельта" штаммына туруштук бере алары - жакшы жаңылык. Эң негизгиси, биздин курал-жабдыгыбыз бар, келгиле ошону колдонуп, эпидемияны жок кылалы".

Анткен менен Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму айрым вакциналардын коронавирустун бул түрүнөн коргоо натыйжасы төмөнүрөөк экенин маалымдаган.

Коронавирустун "дельта" түрүнөн кантип сактаныш керек?

Коронавирустун бардык түрлөрүндөй эле бул штаммды жугузуп албаш үчүн беткап тагынып, колду тез-тез жууп, бөлмөнү желдетип бардык эрежелерди сакташ керек. Андан тышкары коронавирустун бул түрү жайылып жаткан мамлекеттерге барбоого аракеттенүү зарыл. Анткени, "дельтанын" жайылышына негизинен туристтер себеп болууда.

"Дельтага" байланыштуу чектөөлөр

Австралиянын бийлиги коронавирустун "дельта" варианты жайылып жатканына байланыштуу Сидней шаарынын тургундарына сыртка чыгууга тыюу салды.

Коронавирустун бул түрүн жугузуп алгандар Сиднейде өткөн жумада катталган. Бир апта ичинде 30 адамдан аныкталды.

Жаңы Түштүк Уэльс штатынын жетекчиси Глэдис Бережиклиан бир апталык жаңы чектөөлөрдү жарыялады. Анын алкагында Сиднейден тышка чыгууга, көп адамдардын чогулуусуна тыюу салынат.

Австралия коронавирусту ооздуктай алган мамлекеттердин сап башында. Бул мамлекетте илдетке 30 миңдей адам кабылып, алардын тогуз жүздөйү көз жумган. Анткен менен эмдөө жай жүрүп жатат. 25 миллион калктын жети миллионго чукулу гана вакцинанын биринчи дозасын алышкан.

Жаңы Зеландиянын бийлиги дагы Сиднейге барып келген туристтен коронавирус аныкталгандан кийин чектөөлөрдү күчөтүүнү чечти. Коомдук жайларда аралыкты жана бардык санитардык эрежелерди сактоо чаралары катаалдашат жана 100дөн ашуун адамга чогулууга жол берилбейт.

Жаңы Зеландия дагы коронавируска каршы ийгиликтүү күрөш жүргүзүп келген мамлекеттердин катарына кирет. Беш миллион калкы бар мамлекетте бул вирус 26 гана адамдын өмүрүн алган. Бул жакта дагы эмдөө жараяны кечеңдеп жатат. Калктын 13% гана вакцинанын биринчи дозасын алышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG