Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Европа чемпионатынын чейрек финалдары башталды


Олександр Зинченко Ураина-Швеция оюнунда өз мамлекетинин тарыхындагы плей-оффтун биринчи голун киргизди. Шотландия, 29-июнь, 2021-жыл
Олександр Зинченко Ураина-Швеция оюнунда өз мамлекетинин тарыхындагы плей-оффтун биринчи голун киргизди. Шотландия, 29-июнь, 2021-жыл

Европа футбол чемпионатынын 1/4 финалына 8 команда чыкты. Алар - Италия, Чехия, Украина, Англия, Испания, Швейцария, Дания жана Бельгия.

Чейрек финалдын биринчи беттеши 2-июлда Санкт-Петербуг шаарында Бишкек убактысы боюнча кечки саат 10.00до Швейцария менен Испания ортосунда болот. Чемпионаттан Францияны жыдыткан Швейцария үчүн бул футбол тарыхындагы биринчи чейрек финал. Испандар болсо Европанын үч жолку чемпиондору.

Бул беттештин артынан эле Кыргызстан убактысы боюнча түнкү саат бирде Германиянын Мюнхен шаарында Италия менен Бельгия курама командалары бет келет. Бельгиянын “алтын муунунан” күйөрмандар көптөн бери эле ири жеңиштерди күтүп келишкен. Бирок бул жолку чемпионатта италиялык команда дагы мыкты даярдыкта келгенин көрсөттү.

3-июлда Баку шаарында Чехия менен Дания ойнойт. Италиянын борбор шаары Римде Англия менен Украина кездешет.

Жарым финалдын оюндары 6-7-июлда өтөт. Чемпионаттын финалы кийинки жекшембиде -11-июлда Лондон шаарында өтүп, Европанын мыктысы ошол күнү аныкталат.

Бул ирет чоң сенсация жараткан командалардын катарында Франция, Португалия, Германия менен бир тайпага кирип, мыкты оюндары менен эсте калган Венгриянын курамасы, Швецияны утуп алып чейрек финалга чыккан Украина, Нидерланддарды утуп алдыга чыккан Чехия жана Францияны артка калтырган Швейцария командалары бар.

Ал эми эң көп гол киргизген бомбардирлердин катарында 5 топ менен Криштиану Роналду алдыда. 4 топ менен чех Патрик Шик, француз Карим Бензема жана швед Эмиль Форсберг келаткан. Франция менен Швециянын үйүнө кеткенин эске алсак Патрик Шиктин (Чехия) Роналдуну кубалап жетүүгө толук шансы бар. (КО)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG