Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Европанын футбол чемпионаты Римде башталды 


EURO-2020-2021. Рим.
EURO-2020-2021. Рим.

Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу жылдырылган Европанын футбол боюнча чемпионатынын ачылыш аземи “Евро-2020” деген аталышын сактоо менен 11 -июнда Италиянын борбору Римде өтүп жатат.

Чемпионаттын биринчи матчында Италия менен Түркиянын улуттук курама командалары ойнойт. Футбол боюнча Европа биринчилигинин мелдеши 11 өлкөдө өтөт. 12-июнда Орусиянын курамасы Бельгия менен жолугат. Ал эми Украина 13-июнда нидерланддар менен кездешет. Жалпы футбол мелдеши бир айга созулат.

Евро-2020 футбол чемпионатынын жыйынтыктоочу мөрөйү 11-июлда Англиянын Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда болот.

Оюндардын жыйынтыгын болжолдогон букмекерлердин маалыматы боюнча бул жолку футбол турниринин фавориттери Франциянын, Бельгиянын жана Португалиянын курамалары болушу мүмкүн.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу футбол чемпионатын стадиондон көрүүгө жана анын жүрүшүнө байкоо салууга атайын чектөөлөр бар. Анткен менен футбол оюндарын кабыл алган шаарлар стадиондорго канча көрүүчү киргизүүнү өздөрү чечет.

Ал эми улуттук курама командалардын футбол күйөрмандары мелдеш болордун алдында ПЧР-тесттерди тапшырууга милдеттүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG