Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

УЕФА: украин формасында баатырларды даңктаган ураан болбошу керек


Украиналык футболчулар. 7-июнь 2021-жыл
Украиналык футболчулар. 7-июнь 2021-жыл

УЕФА Украинанын Футбол ассоциациясын улуттук формасынан “Баатырларга даңк” деген ураанды алып салууга милдеттендирди. Бул тууралуу АФП агенттиги жана спорттук басылмалар жазышты. Европа чемпионаты алдында көргөзүлгөн формага өлкөнүн картасы түшүрлүп, “Украинага даңк”, “Баатырларга даңк” деген сөздөр жазылган. Картада Украинанын дүйнө тарабынан таанылган чек аралары тартылып, Крым жарым аралы да камтылгандыктан, орусиялык саясатчылар ал футболкаларды катуу сындашкан.

Орусиянын футбол биримдиги УЕФАга арыз тапшыргандан кийин карта жана "Украинага даңк" деген ураан кала берсе болот, ал эми “Баатырларга даңк” деген сөздөрдүн саясий боегу бар, андыктан алынышы керек деген чечим кабыл алынды.

Буга чейин Украинанын Фубол ассоциациясынын төрагасы Андрей Павелко форма УЕФА менен макулдашылганын билдирген.

Европа биринчилиги 11-июнда Италия жана Түркиянын Римдеги матчы менен башталат. Былтыр пандемиядан улам быйылкыга калган турнир континенттин бир нече шаарында өтмөкчү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG