Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:18

Райондук сот Өмүрбек Текебаевдин мандат ишин караган жок


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 28-июнда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып алуу боюнча арызын кароодон баш тартты.

Текебаевдин сөзүнө караганда, райондук сот мандат маселеси боюнча Борборбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылуу керектигин билдирди. Боршайком кандайдыр себептер менен мандатын кайтарып берүү арызын карабаса, Бишкектин административдик сотуна кайрылышы зарыл экенин түшүндүргөн.

“Биринчиден, мага мандат эмес толугу менен реабилитация керек. Соттун чечими күчүнө кирип мен толук акталдым. Мен жана партиялаштарым үчүн саясий реабилитация керек жана ал мандатты кайтарып алуу”, - деди Текебаев.

Өмүрбек Текебаев мандат маселеси боюнча Биринчи май райондук сотуна 1-июнда кайрылган. Ушундай эле талап менен Борбордук шайлоо комиссиясына 18-майда берген арызын аталган орган карай элек.

Саясатчы 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандыкка айланып, бийлик алмашкандан кийин кайрадан депутат болгон.

Бирок жарандык активист Темирлан Ормуков Текебаевге "мандат мыйзам бузуу менен ыйгарылган" деген негизде сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту былтыр 23-ноябрда БШКнын мандатты кайтаруу тууралуу чечимин жокко чыгарган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту ал чечимди күчүндө калтырып, Жогорку сот шаардык соттун чечимин колдогон.

Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы "Мегаком" иши" боюнча "орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган" деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 13-апрелде Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновду толук актаган.

Өмүрбек Текебаев соттун бул чечиминен кийин Борборбордук шайлоо комиссиясы анын депутаттык мандатын кайра кайтарып бериши керек деп эсептейт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG