Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Мандатка такалган саясий тиреш


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоодогу үгүт учурунда. Бишкек. Сентябрь, 2020-жыл.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоодогу үгүт учурунда. Бишкек. Сентябрь, 2020-жыл.

25-декабрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаевди мандаттан ажыратуу тууралуу административдик соттун чечимин күчүндө калтырды. "Ата Мекен" партиясынын лидери муну саясий чечим деп баалады.

Борбордук шайлоо комиссиясы шаардык соттун чечими боюнча алардын кийинки кадамы жалпы отурумда анык болорун маалымдады.

Мурдагы соттун чечими күчүндө калды

25-декабрда Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге мандат берүүдө мыйзам бузулган деген буга чейинки сот чечимин туура деп тапты.

Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова "Азаттык" радиосуна билдирди:

«Бишкек шаардык соту БШКнын апелляциялык арызын карап, аны канааттандырган жок. Ага ылайык соттун 25-декабрдагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын административдик сотунун чечими өзгөртүүсүз калтырылды», - деди Айсулуу Жаасынова.

Бишкектин административдик соту 23-ноябрда Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 15-октябрдагы токтомун мыйзамсыз деп тапкан.

Сот буга «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзам бузулган деген негиз келтирген.

Сотко доогер катары активист Темирлан Ормуков кайрылган. Ал эми бул иште жоопкер тарап катары Борбордук шайлоо комиссиясы эсептелет.

Темирлан Ормуков Бишкек шаардык сотунун чечими тууралуу буларды айтты:

Темирлан Ормуков.
Темирлан Ормуков.

«23-ноябрда чечим чыккан. Боршайком апелляция берген эмес. Анткени, райондук соттун чечими 30 күндөн кийин күчүнө кирет. Булар 29 күн күтүп, анан апелляциялык арыз жазабыз деп, Текебаевдин депутаттык мөөнөтүн созууга аракет кылышты. Ага чейин мен өз демилгем менен апелляциялык арыз жазгам. Ошондон кийин булар дагы апелляциялык арыз жазышты. Бүгүн сот алардын арызын канааттандырган жок».

Бишкек шаардык соту 25-декабрдагы өз чечимине түшүндүрмө берген жок. Буга чейин Бишкек шаарынын административдик соту БШКнын «Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге мандатты кайтаруу тууралуу чечиминин жараксыз деп табылышын төмөнкүчө чечмелеген.

«Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамда депутат мөөнөтүнөн мурда чыгып кетсе, анын мандаты тизме боюнча өзүнөн кийинки талапкерге бериле турганы жазылып турат. "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Өмүрбек Текебаевге мандат берүүдө ушул норма бузулган. Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевге депутаттык укукту кайтарып берүүдө «мандат тизмедеги кийинки талапкерге берилет» деген норманы бузган, себеби ага тийген мандат тизмедеги өзүнө чейинки талапкердики эмес эле».

Саясий чечимби?

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзүн мандаттан ажыратуу тууралуу соттун өкүмүн "саясий чечим" деп атап келет. Ал мурдагы бийлик алып койгон мандаттын ага кайтарылып берилбешине азыркы бийликте тургандар да кызыкдар деп эсептейт.

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Соттун чечими мыйзамсыз. Мыйзам боюнча соттун өкүмү жокко чыккан соң БШК менин мандатымды кайтарып берүүгө тийиш эле. Мен бир-эки ай ичинде сот бүтөт, толук акталайын деп арыз жазбай жүргөм. Бирок бир-эки ай эмес, бир жарым жылдан ашып кетти. Мурдагы Жээнбековдун бийлиги мени парламенттик шайлоого катыштырбоо үчүн убакытты созуп келген, жаңы бийлик эмне себептен созуп жатканы белгисиз. Эки күндүк соттук териштирүүдө аяктай турган ишим эки айдан бери каралбай келет. Мына ушунун өзү бүгүнкү бийлик да менин акталып, мандатымды алып, парламентте отурушума кызыкдар эмес экенин көрсөтөт».

Өмүрбек Текебаев ага "мандат мыйзамсыз берилди" деп сотко кайрылган Ормуковдун артында саясий күчтөр тургат деп эсептейт.

Бирок Темирлан Ормуков муну четке кагып, "Ата Мекендин" лидери сот чечимдеринен өзүнө саясий упай топтоодо деген пикирин билдирди.

«Чындап келгенде бул чечим Текебаев үчүн көзүр болуп жатат. Анткени, ага соттон утулуп, "мандатын алдырып жиберди" деген нерсе абдан керек. Анын президенттик шайлоонун жыйынтыктарын талашууга укугу бар. Конституциялык палатага кайрылып, "мен мыйзамсыз катышкам, мен кол коюп, добуш берген мыйзамдардын баары легитимсиз" десе эле бүт баары артка кетип, юридикалык жактан жараксыз болуп калат. Президенттик шайлоо деле жараксыз болуп калат».

Боршайкомдун жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов Өмүрбек Текебаевдин мандаты тууралуу Бишкек шаардык соттун чечими БШКга келе электигин билдирип, БШКнын кийинки кадамы комиссиянын жыйынында чечилерин "Азаттыкка" билдирди:

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

«Бишкек шаардык сотунун чечими колубузга тийе элек. БШК коллегиялык орган болгондуктан, аны комиссия отурумда чечет».

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп, арыз жазган.

БШК 15-октябрда Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арызын карап, аны көпчүлүк добуш менен канааттандырган.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев Текебаевдин мандатын алып койгон көрүнүштү саясатка байланыштырды.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Мыйзам боюнча депутат соттолбогондон кийин анын мандаты алынбаш керек же ээсине кайтарылып берилиши керек. Аны жасашкан жок. Экинчиден, Текебаевден башка кызыкдар адамдар соттон кыска убакта эле акталып кетишти. Текебаевдин соту айлап-жылдап созулуп жатат. Демек, бул саясий чечим».

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «Мегаком» иши боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Сот "Ата Мекендин" лидерин депутаттык мандатынан ажыраткан. Анын ордуна Искендер Гаипкулов депутат болуп келген. Доогер Темирлан Ормуков дал ушуну жүйө келтирип,"Текебаевге Садык Шер-Нияз эмес, Искендер Гаипкулов мандатын бериши керек болчу" деп негиздеген.

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов аларга козголгон кылмыш ишин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши 1,5 жылдан бери кайра каралып жатат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG