Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:30

Сот Өмүрбек Текебаевди актады


 Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Бүгүн, 13-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебав менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, аны актоо тууралуу өкүм чыгарды.

Жараянда прокуратура Текебаев менен Чотоновдун "Мегаком ишине" байланыштуу коррупцияга тиешеси бардыгы далилденген жок деген негизде айып коюудан баш тартты.

Өмүрбек Текебаев прокуратуранын мындай кадамы күтүүсүз болгонун билдирди.

Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы "Мегаком" ишинe" байланыштуу "орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган" деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген. Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарылган.

Эки саясатчы тең өздөрүнө козголгон кылмыш ишин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин саясий куугунтугу катары баалап келишет.

Мандат окуясы

Өткөн айда октябрь окуяларынан кийин депутаттык кызматын кайтарып алган Текебаев кайрадан мандатынан ажыраган.

Жогорку сот 3-мартта “Ата Мекендин” лидеринин депутаттык мандатынын кайра берилишине байланыштуу ишти карап, Бишкектин fдминистративдик сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырган. Буга чейин эки инстанция Текебаевге мандат мыйзам бузуу менен ыйгарылган деген негизде Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарган.

Текебаев анда октябрь окуяларынан кийин тез арада кылмыш иштери кыскартылып, сот чечимдери өзгөртүлгөн президент Садыр Жапаров баш болгон саясатчыларды мисалга тартып, өзүнүн кылмыш ишинин созулушун кош стандарттуулук деп атаган.

«Сооронбай Жээнбековдун убагында 1 жыл 3 ай менин ишим чечилбей келди. Жаңы бийлик келип, кээ бир саясатчылардын иши бир түндө, жарым саатта чечилип жаткан учурда менин ишим алты айдан бери созулуп жатат. Мага мандатты кайтарып бербегенге кызыкдар күчтөр барбы? Алардын сотко таасири барбы? Муну ар бир шайлоочу өзү чечим чыгарышы керек деп ойлойм», - деген Текебаев.

Мандатынан ажыраган Текебаев учурда сот бийлиги эбегейсиз басымга кабылып жатканын айткан.

Мандаттан ажыраткан активисттин арызы

2020-жылы октябрда «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз өзүнүн депутаттык мандатын партия лидерине ыйгаруу өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. Боршайком арызды 15-октябрда карап, көпчүлүк добуш менен канааттандырып, ага мандат берилген.

Кийин жарандык активист Темирлан Ормуков Текебаевге "мандат одоно мыйзам бузуу менен ыйгарылган" деген негизде сотко кайрылган. Ормуков бул ишти саясатташтырбоого чакырып, соттун чечимдерин туура деп эсептерин билдирген.

2017-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинен бери коррупцияга айыпталган саясатчы Өмүрбек Текебаев Сооронбай Жээнбековдун башкаруусунда да маал-маалы менен бийликти сындап келген. Ал эми Садыр Жапаров бийликке келгенде Текебаев Баш мыйзамды, мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү демилгелерине кескин каршы чыккан саясатчылардын бири болуп калган.


Садыр Жапаров былтыр шайлоо алдында өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткондон кийин Конституциянын жаңы долбооруна байланыштуу билдирүү таратып, Текебаев баштаган саясатчыларды кескин айыптаган. Мындан улам эки саясатчынын ортосунда кайым айтыш да чыккан.

Анда экс-президент Роза Отунбаева, депутаттар Өмүрбек Текебаев, Каныбек Иманалиев, мурдагы депутат Садык-Шер-Нияз баштаган бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер мыйзам долбоорун сындашкан. Алар жаңы Конституциянын редакциясын сунуш кылууга азыркы легитимсиз парламенттин укугу жок экенин белгилеп, жаңы долбоор кабыл алынса, Кыргызстанда авторитардык бийлик орной турганын айтып чыгышкан.

Ошол кезде "Ата Мекендин" Бишкектеги штабына белгисиз кишилер келип ызы-чуу салып, партия лидери Өмүрбек Текебаевдин жаңы сунушталып жаткан Конституциянын долбоорунун авторлорун «Азаттыктын» эфиринде сындаганы үчүн кечирим сурашын талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG