Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Коронавирустун дельта түрү дүйнөнү кооптондурду


Индия. Май, 2021-жыл.
Индия. Май, 2021-жыл.

Алгач Индияда пайда болгон коронавирустун дельта түрү саламаттык сактоо тармагындагы адистерди кооптондурууда.

Англиялык эксперттердин айтымында, бул штамм башкаларына караганда 60% жугуштуураак.

Лондон падышалык коллежинин изилдөөчүлөрү дельтанын симптомдору кадимки коронавирустан бир аз айырмаланарын аныкташкан. Маселен, буга чейин COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын дене табы көтөрүлүп, тамагы ооруп, жөтөлүп, айрымдары жыт-даам сезбей калышкан. Вирустун жаңы түрүнө кабылгандардын башы катуу ооруп, мурду бүтүп, тамагы ачышары белгилүү болду.

Генетикалык эпидемиология боюнча профессор Тим Спектордун айтымында, коронавирустун бул түрүнүн белгилери кадимки сасык тумоонукуна абдан окшош. Ошондуктан илимпоз «суук тийди» деп отура бербестен, дароо тест тапшырып, оорунун күчөшүнүн алдын алууга чакырат.

Британия

Коронавирустун дельта түрүнүн тездик менен жайылып баратышы Англияда тынчсызданууну күчөттү. Мындан улам премьер-министр Борис Жонсон карантин чектөөлөрүн мурда белгиленгендей 21-июнда албай, бир айга узартууну чечти.

"Биз коронавирусту жугузуп алгандардын саны жумасына 64% өсүп жатканын көрүп жатабыз, ал эми айрым райондордо эки эсе жогорулап жатат. Ал эми Англияда ооруканага түшкөндөрдүн орто көрсөткүчү бир жумада 50% өстү. Биз абдан оор тандоого туш келдик",- деди Жонсон.

Британиядагы чоң адамдардын жарымынан көбү толук эмдөөдөн өтүштү, ал эми төрттөн үч бөлүгү вакцинанын бир дозасын алууга үлгүрүштү. Бир ай ичинде өкмөт дагы он миллиондой адамды эмдөөнү көздөп жатат.

АКШ

АКШдагы саламаттык сактоо тармагындагы адистер дагы вирустун дельта деген түрүнүн жайылышына тынчсызданууда. Кошмо Штаттарда коронавируска чалдыккандардын жана андан көз жумгандардын күнүмдүк көрсөткүчү кыштан бери 90% төмөндөдү. Анткен менен АКШнын айрым аймактарында эмдөө жай жүрүп жатат. Маселен, түштүктөгү Миссисипи штатында жашагандардын 28% гана вакцина алышты.

Эксперттер азыркы вакциналардын бардыгы дельтага туруштук бере аларын айтканы менен, вирустун бул түрү эмдөө кеч жүрүп жаткан штаттарды капташы мүмкүн деген кооптонуу бар.

"Бактыга жараша Pfizer жана Asrta Zeneca компанияларынын вакциналарынын эки дозасы дельтага туруштук бере аларын көрсөттү",-деди Американын башкы эпидемиологу Энтони Фаучи.

Орусия

Коронавирустун дал ушул түрү менен Орусияда ооругандардын саны да соңку аптада кескин көбөйдү. Мындан улам Москва жана Санкт-Петербург шаарларында чектөөлөр күчөтүлдү.

Айрым адистер Орусияда Индиядагыдай кырдаал кайталанышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

Москванын мэри Сергей Собянин стационарларга оор абалда түшкөндөрдүн саны 70% өскөнүн билдирди. Расмий маалыматтарга караганда, коронавирусту жугузуп алгандардын саны июнь айынын экинчи аптасынан баштап кескин көбөйө баштаган. Учурда Москвада оору жугузуп алгандардын көрсөткүчү күн сайын алты миңден ашып жатат. Көз карандысыз талдоочулар болсо расмий эсеп чыныгы көрсөткүчтөн кыйла азайтылган деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG