Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

COVID-19: аймактарда эмдөө солгун


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнүн биринчи фазасы 24-25-майга чейин жыйынтыкталат. Ага ылайык 64 миңден ашуун адам эмделди.

Кыргызстанда май айы жаңыргандан бери эле 116 адам коронавирустун курмандыгы болду. Буга кошумча жүрөк-кан тамыр, кан басым ооруларынан жабыркагандардын саны көбөйдү.

Бишкекте кардиология бөлүмү толду

Май айы жаңыргандан бери өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандар да, андан каза болгондор да көп катталууда.

18-майда бул оору жети кишинин өмүрүн алды. Акыркы 18 күндө эле 116 кыргызстандык коронавирустун айынан өмүрү менен кош айтышты.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мындай маалымат берди.

Жалалидин Рахматулаев
Жалалидин Рахматулаев

"2021-жылдын 18-майына карата жалпы республика боюнча COVID-19 илдетинин лаборатордук жактан тастыкталган жана клиникалык белгилери менен 234 жаңы учур катталды. Пандемия башталгандан бери жалпы 100 966 адамга коронавирус жукту. Бүгүнкү күндө стационардык дарыланууда 1 605 бейтап жатат, 2464 адам үйүнөн дарыланууда. Ооруканада жаткандардын 15инин абалы гана канааттандырарлык, 1091 адамдын абалы орто, 413 бейтап оор абалда жана 86 кишинин абалы өтө оор. 18-майда вирустан жети киши каза болду. Ушуну менен жалпы каза болгондордун саны 1718 кишини түздү".

Вирус жуктургандардан тышкары ооруп айыккандардын арасында жүрөк-кан тамыр илдеттери менен жабыркагандар да мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп катталууда.

Акыркы мезгилде Бишкектеги улуттук кардиология жана терапия борборунда бейтаптарды дарылоого орун жетишпей, былтыр сентябрда жабылган "кызыл зоналар" кайра ачылып, реанимация бөлүмдөрү толгону маалым болду.

Аталган борбордун директору, өлкөнүн башкы кардиологу Акбай Сарыбаев вирустун жүрөк оорулууларга тийгизген таасири оор болуп жатканын айтат:

"Жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыккандар арасында коронавируска жугуп, өлүмгө учурагандардын саны акыркы учурда көбөйдү. Статистиканы алып карасак, мурдагы жылдарга салыштырмалуу COVID-19 вирусу 15-20% өлүмдү арбытты.

Коронавирус адамдын организмине киргенде бардык органдар сезгенет. Бир эле өпкө эмес, жүрөк, мээге кеткен тамырлар ичине кан уюп баштайт. Мурда кан басымында көйгөйү барлар, жүрөгү оорукчандар бул вирусту жуктурганда өтө катуу ооруйт. Инфарктка (жүрөк талмасына) алып барат. Мээге уюган кан тамырлар инсультту жаратат.

Тилекке каршы, акыркы бир жылда мындай бейтаптар аябай көбөйдү. Коронавируска чалдыккан өнөкөт оорусу барлардын өлүм ыктымалы жогору бойдон калууда. Акыркы күндөрү айрыкча байкалып, биздин реанимация бөлүмүбүз толуп калды. "Кызыл зонаны" кайрадан ачууга мажбур болдук".

Эмдөөнү каалагандар аз

Вирустан жабыркагандардын саны азайбаганы менен аймактарда эмдөө жараянынын жүрүшү жай болууда.

Нарын шаарынын жашы алтымышка чамалаган тургуну Гүлсүн сексенден өткөн апасы жана кан басым оорусунан жабыркаган күйөөсү менен жашайт. Тобокел топто болушканына карабай, алар вируска каршы эмделе элек.

"Бизди эмдөөгө эч ким деле чакырган жок. Өзүбүз барып алалы десек, "эски ооруларды козгойт экен" деп жатышат. Аны угуп эле коркуп отурабыз. Ички органдарыбыз соо эмес, баарыбыз эле ооруйбуз да, анан ооруну козгосо кыйналып калабызбы деп ойлоп жатабыз. Кээ бири "эч кандай деле зыяны жок экен" деп жатышат, бирок көбү эле сайдырган жок. Анын үстүнө бизге кыдырып "вакцина пайдалуубу, пайдалуу болсо эмнеден коргойт" дегендерди түшүндүрүп, сайдыргыла деген киши деле жок".

Нарын облусунун Ат-Башы районуна "Спутник V" вакцинасынын 110 дозасы, "Sinopharm" вакцинасынын 400 дозасы бөлүнгөн.

Райондогу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгери Жамиля Аширбаеванын айтымында, алар Орусиянын вакцинасын жүрөк-кан тамыр оорулары, онкологиялык илдеттери барларга сайып жатышат.

"Эс алган деле жокпуз, үй-бүлөлүк дарыгерлер тынбай эле иштеп жатабыз. Вакцина сайган 2-3 кызыбыз таңкы сегизден кечки бешке чейин тыным албайт. Алар түшкү саат үчтөн кийин райондук санэпидемстанцияга отчет да жазышы керек. Эмделгендер сейрек болгондуктан бир-эки дарыгерибизди айылдарга чыгардык. Алар айылдарды кыдырып, вакцина сайып жүрүшөт. Фельдшердик-акушердик пункттардын кызматкерлери да тартылган. Каалоочулардын санына жараша эле иштеп жатабыз. Эч кимди мажбурлаган жокпуз".

Ал эми Талас районундагы фельдшердик-акушердик пункттун биринин атын атагысы келбеген кызматкери "Азаттыкка" 3 миңден ашуун тургун жашаган айылда болгону 20-30 гана киши өз эрки менен эмделгенин айтты:

"Бизге "Спутник V" вакцинасы келген эмес. Кытайдын вакцинасын сайып жатабыз. Бирок, каалоочулар өтө аз. Бир айдан бери 20-30дай эле киши сайдырып кетти. Эч кимди мажбурлаган жокпуз".

Кыргызстанда эмдөө 29-мартта башталган. Кытайдан "Sinopharm" вакцинасынын 75 миң, Орусиядан "Спутник V" вакцинасынын 20 миң кишиге ылайык дозасы келген.

Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова орусиялык вакцина толугу менен сайылып бүтүп, экинчи дозасы гана калганын кабарлады.

24-25-майга чейин 75 миң кишиге эсептелген кытай вакцинасы да бүтөт. Андан соң июнь айында "Asrta Zeneca" вакцинасынын 210 миң дозасы COVAX программасынын алкагында келет. Ошондой эле Кытай жана Орусиядан да вакцина алуу макулдашылууда.

"64 миңден ашык адамды эмдедик. Жалпысынан алганда, пландалган тартипте эле өтүп жатат. Алгач мугалимдер, медициналык кызматкерлер, социалдык тейлөө кызматтарынын өкүлдөрү эмделмек. Аймактарга эми вакцинанын экинчи дозасын жиберүү башталат. Өлкөдөгү 36 миңден ашуун медициналык кызматкерлердин дээрлик 80% эмделди. Эми июнь айында кийинки фазадагы эмдөө иши башталса, жалпы калкты убактылуу чатырларды тигип, чоң-чоң мектеп, стадиондордо эмдей баштасакпы деп жатабыз. Ошондой эле менчик клиникаларга эмдөөгө уруксат берүү да каралууда. Жыл аягына чейин 1 миллиондон ашуун киши эмделиши керек".

Кыргызстанда коронавирус катталгандан 2020-жылдан бери 1718 киши илдеттин курмандыгы болду. Учурда 4 миңден ашуун киши бул оору менен алпурушуп, 1,5 миңден ашык адам ооруканада. 500дөн көп адамдын абалы оор экени кабарланды.

Ал эми дүйнөдө коронавирус 164 миллион 316 миңден ашуун кишиге жукту. 3 406 027 адам каза болду. Анткен менен эмдөө жараяны тегиз өткөн айрым өлкөлөрдө карантиндик чаралар жумшара баштады. Маселен, Британияда театрлар көрүүчүлөргө эшигин ачса, Парижде музейлер кайрадан иштеди. Италиянын айрым аймактары "сары зонага" айланып, коомдук тамактануучу жайлар ачылды.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG