Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Жоголгон Инанды, жоопсуз алты күн


Орхан Инандыны табууну талап кылган митинг.
Орхан Инандыны табууну талап кылган митинг.

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти, алты күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды 6-июнда басма сөз жыйын курду. Ал жолдошу “Түркиянын Бишкектеги элчилигинде кармалып турат” деген кабары бар экенин айтып чыкты. Түрк элчилиги мындай билдирүүлөргө комментарий бере элек. Милиция издөө иштери уланып жатканын кабарлоо менен чектелди.

Рейхан Инанды жана үй-бүлөнүн адвокаты Таалайгүл Токтакунова Орхан Инанды "түрк элчилигинин имаратында кармалып турат" деп шектенип жатканын жарыялашты. Бирок Рейхан Инанды маалымат булагын ачыктаган жок:

“Мага келген бир маалымат боюнча Орхан Инанды түрк элчилигинин имаратында. Мен муну кимден уктум айта албайм, анткени, коркунуч бар”.

Рейхан Инанды Түркия 2016-жылдан кийин 95 адамды 23 чет мамлекеттен элчиликтери аркылуу уурдап, алып кеткенин, алар ал жакта түрмөдө отурганын жүйө келтирип жатат. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги мындай билдирүүлөргө комментарий бере элек. Алар менен байланышууга азырынча мүмкүн болбой турат.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова Инанды түрк элчилигинин имаратында кармалып турганын айткан адамга укук коргоо органдары кызыгып да койбоду деп нааразы:

“Рейхан айымдын айтканына карап түнкү саат үч жарымдарда маалыматты тараттык. Мен биринчи эле "канчалык ишенсе болот?" деп сурадым. "120% ишенсе болот, ошол маалыматты билген-көргөн адамдар айтты" деди. Корккондуктан, анын ким экенин ачык айта албай жатат. Бирок ошону биздин укук коргоо органдарына айтып берсек болот, маалыматты текшерсе болот да. Бул маалыматты чыгаргандан кийин укук коргоо органдары чалып сурап да койгон жок".

Токтакунова Түркияда чыккан “Сабах” гезити 6-июндагы санында Орхан Инанды Кыргызстандын атайын кызматтарынын колунда экенин жазганын, Кыргызстан тараптан буга дагы эч кандай реакция болбой жатканын билдирди.

"Сабах" гезитинин расмий сайтында чыккан баяндамада Инанды азыр Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинде экени жазылган. Ошондой эле кыргыз бийлигине "гүленчилер" боюнча Түркия менен кызматташууга чакырык ташталган. Макалада мугалимдин атайын кызматтын колунда экени тууралуу кандайдыр бир далил келтирилген эмес. УКМКдан комментарий алууга мүмкүн боло элек. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы издөө иштери жүрүп жатат деген кыска жооп менен чектелди.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов Инандыга байланыштуу акыркы билдирүүлөр тууралуу төмөнкүдөй ой бөлүштү:

Аскар Бешимов
Аскар Бешимов

“Элчиликтин имараты кол тийгис. Вена конвенциясына ылайык, элчилик жана анын жайгашкан жери экстерриториалдык аймак. Орхан Инандынын аялы өз оюн, божомолун айтып жатат. Эгер биздин укук коргоо органдарында далил же күбө болсо Тышкы иштер министрлиги аларга кайрылса болот. Бүгүнкү күндө алар менен сүйлөшүүгө негиз жок”.

Орхан Инанды жоголгон 31-майдан бери Кыргызстандын дээрлик бардык тийиштүү мамлекеттик органдары реакция жасады. Ички иштер министрлиги атайын ыкчам топ түзүлүп, издөө иштери жүрүп жатканын, Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) милицияга ар тараптуу жардам көрсөтүп жатканын жарыялады.

Инанды жоголгон күндүн эртеси президент Садыр Жапаров издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

3-июнда Коопсуздук кеңеши укук коргоо органдары менен кеңешме өткөрүп, издөө иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленген.

Коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков Орхан Инанды Кыргызстанда болсо жакынкы күндөрү табылат деген ишенимде:

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

“Бул кишини 90-жылдардан бери тааныйм. Интеллекти жогору, жакшы киши болчу. Ал киши менен былтыр сүйлөшкөндө, Түркияга барып келгенин айткан. Жок болуп кетиши түшүнүксүз болуп жатат. Элчилик андай жолго барбаса керек, чоң чатак болот, билинип калышы мүмкүн. Элчиликте кармалып турат деген аялынын божомолу. Кандай болбосун иликтөө иштери боюнча түзүлгөн топ жакында аягына чыгыш керек. Президент өзү көзөмөлгө алгандан кийин укук коргоо органдары аракет кылып жатышат да. Эч бир маалымат жок болсо эмнесин берет? Азыр учкай маалымат чыгарса журналисттер таратып, анын табылышына кедергисин тийгизип коюшу мүмкүн да. Ал жагын дагы карап жатышат”.

Орхан Инанды жоголгону билингенден бери Бишкек шаарында аны табууну талап кылган жарандар беш күн катары менен митингге чыгышты. Алар түрк элчилигинин, өкмөт үйүнүн, Жогорку Кеңештин имаратынын алдына нааразылык билдирип жатышты.

Ушундай эле талап менен митинг-пикеттер АКШ жана Европанын айрым өлкөлөрүндөгү Түркиянын элчиликтеринин, консулдук имараттарынын алдында болду. “Сапат” билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү аны тапкандарга миллион доллар сый акы дагы жарыя кылды.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек Орхан Инанды жетиштүү деңгээлде изделбей жатат деп эсептейт:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Бийлик өзүнө зарыл болгондо издеген кишисин бат эле табарын көрүп жүрөбүз. Орхан Инандынын жоголушу боюнча формалдуу түрдө президент деле тапшырма берди, Коопсуздук кеңеши деле жыйын өткөрдү. Чындап келгенде бул кишини тапканга кызыкдар эмес экени билинип эле калды. Коомчулукта сөз тарап жатпайбы, балким, эки өлкөнүн ортосунда сүйлөшүү болгон окшойт деп. Кайсы ишти чын ыкласы менен жасап жатат, кайсы иш жөн эле спектакль, формалдуу түрдө болуп жатат, коомчулук түшүнүп эле турбайбы".

Орхан Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майдын кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин айткан.

Кыргызстанда 20га жакын "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инандынын теги түркиялык. Ал Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG