Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:17

Чет жактагы кыргызстандыктар тажик элчиликтеринин алдына акцияга чыгышты


Берлиндеги кыргызстандыктар Тажикстандын Германиядагы элчилигинин алдына чыгышты.
Берлиндеги кыргызстандыктар Тажикстандын Германиядагы элчилигинин алдына чыгышты.

Жекшембиде Германиянын Берлин, Гамбург, Франкфурт жана Мюнхен шаарларында жашаган кыргызстандыктар Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына акцияга чыгышты.

Алар 28-29-30-апрель күндөрү чек арада болгон куралдуу кагылышка эл аралык коомчулукту калыс баа берүүгө үндөп, тажик тараптын карапайым калкка ок атканын айыпташты.

Ар бир шаарда орто эсеп менен жыйырмага чукул адам чогулду. Алардын арасында чек арада өмүрү кыйылган жеткинчек кыз Мадинанын сүрөтүн кармап тургандар болду.

«Согушта тынчтык болбойт. 13 жаштагы Мадинанын өлүмүнө ким жооп берет? Карапайым элге тынчтык керек. Курал-жарак менен маселе чечилбейт. Карапайым элге каршы курал колдонуу - адамзатка каршы чыккынчылык. Балдардын өмүрүн кыюу - кечиримсиз. Чек ара такталсын. Эки элге достук жана тынчтык керек»,-дейт Берлинде акцияга чыккан Иса Кубакаев.

Гамбург шаарында Тажикстандын ардактуу консулу Курош Пуркян (Kourosh Pourkian) чогулгандарга жолугуп, тынчтык эки эл үчүн тең маанилүү экенин айтты.

Ушундай эле акция Тажикстандын Лондондогу элчилигинин алдында да өттү.

Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 34 адам каза тапты. Жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти.

Ал эми тажик тараптан 16 киши каза болуп, 90 жараны жараат алганын "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып жазды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстанда 1-2-май чек арада каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG