Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:12

Мекендештер жаңжалда жабыркагандарга онлайн жардам көрсөтүүгө даяр


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктарга чет жактагы кесипкөй психолог мекендештер онлайн жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Германиядагы кыргыз диаспорасынын активисти Калыгул Жунушбеков «Азаттык» радиосуна билдирди.

Францияда, АКШда, Германияда, Түркияда жана Канадада эмгектенген мекендештер чек арадагы жаңжалда жабыркагандарга, жакындарын жоготкондорго жана жалпы эле бул кырдаалда моралдык-психологиялык жактан запкы жегендерге жардам көрсөтүү үчүн Интернетте атайын портал ачышты.

Ал үчүн психологиялык жардамга муктаждар kg-psy.com сайтына кирип, өз телефон номерлерин калтырып койсо болот.

Портал Германиядагы кыргызстандыктардын демилгеси менен түзүлдү. Ал жактан ошондой эле Бишкектеги психологдор менен да байланышса болот.

Буга чейин Түркия жана Германиядагы журтташтар эки элди ынтымакка чакырган видеокайрылуу жасашкан.

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда жараат алгандардын саны 173 кишиге жетти. 34 киши каза тапты.

20-миңдей адам үй-жайын таштап, чыгып кетүүгө аргасыз болду.

"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, жаңжалда 15 жаран каза болгонун жазып, алардын аты-жөнүн жарыялады. Маалыматка караганда 90 адам жараат алды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG