Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:26

Москвага азыр Дүйшөмбү маанилүүбү?


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу бир катар эл аралык басма сөз каражаттары жазышты. Алардын айрымдарына токтолобуз.

"The New York Times" басылмасы Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда тутанган куралдуу жаңжал америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгарылышы күтүлүп жаткан маалда болгонуна көңүл бурду.

«Борбор Азиядагы чек ара чыры Ооганстандан америкалык күчтөрдүн чыгып кетишине көлөкө түшүрдү» деген аталыштагы макалада Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда суу каналын көзөмөлдөө жана этникалык анклавга барчу жол үчүн кагылышуу тутанганы баяндалган.

Автор Эндрю Крамер бул окуя Борбор Азиядагы туруксуздук коркунучун күчөткөнүн жазды.

Ал ошондой эле Кыргызстандын расмий бийлигине таянып, Баткенде тажик тарап асмандан тик учактар менен чабуул койгонун жазган.

Андан сырткары макалада эки тараптын жоготуулары жана жабыркагандар тууралуу сандар келтирилип, чырдын чоо-жайы баяндалган.

«Бул район ооган чек арасынан алыс болсо дагы, куралдуу кагылыш АКШ үчүн оор маалда болуп жатат», - деп жазылат.

Крамер «Байдендин администрациясы сентябрга чейин Ооганстандан бардык аскерлерин чыгарып кетүүнү убада кылгандыктан, учурда Борбор Азия Ооганстандан жабдыктарын чыгарып кетүү үчүн Пакистанга альтернатива болорун» белгилейт.

"Карабактагыдай согуш болбойт"

Ооганстандан америкалык аскерлердин чыгарылышы күтүлүп жаткан маалда Тажикстандын Орусия үчүн мааниси көбүрөөк экенин саясат талдоочу Аркадий Дубнов да «Новая газета» басылмасына курган маегинде белгилеген.

«Империянын сыныктары бири-бири менен кагылышып жатат» деген аталыштагы макаласында автор Вячеслав Половинко кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу кыскача баяндаган. Ал Дубновдон жаңжал тууралуу кыскача маек алып, «Мындай учурда Орусия эмне кылыш керек?» -деген суроосун узаткан.

Саясат талдоочу: «Москвага азыр Дүйшөмбү менен алака маанилүүрөк. Тажикстан өзүнүн бийликти бир колго топтогон жетекчисине көнгөн абдан оор өнөктөш. Андан тышкары Ооганстандан америкалык аскерлердин чыгарылышы жана алардын Ооганстан менен чектеш Борбор Азия республикаларына ыктымал жайгашышы жагынан алганда да Тажикстан абдан чоң мааниге ээ. Мурдагыга караганда азыраак деңгээлде болсо да, Тажикстан кайрадан америкалыктардын базасына айланууда. Шойгунун барышы Орусиянын Тажикстанга катуу көңүл буруп жатканын айгинелейт», - деп жооп берген.

Дубнов ошондой эле Москвага ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны өтүп жатканда бир нерсе деп айтуу оңтойсуз болуп турганын кошумчалаган.

Саясат таануучу журналисттин «Чоң согушка айланып кетүү ыктымалдыгы канчалык жогору?», - деген суроосуна «Карабактагыдай согуш бул жерде болбойт»,-деген оюн билдирген.

"Миңдеген адам эвакуацияланды"

Немистердин «Дойче Велле» медиасы «Кыргызстан Тажикстан менен болгон кагылышуудан кийин миңдеген адамдарды коопсуз жайларга чыгарып кетти» деген аталыштагы макаласын жарыялады. Басылма расмий билдирүүлөргө таянып, Кыргызстанда 13 адам курман болгонун, бийлик он миңдей адамды эваукациялаганын, эки өлкө соңку жылдардагы эң катуу жаңжалдан кийин ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашканын жазды.

"France Press" агенттиги болсо «Кыргызстан Тажикстан менен чек ара кагылышында бир нече адам өлүп, миңдеген киши үй-жайын таштап качканын билдирди» деген аталыштагы макала жарыялады.

Анда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине таянып, 134 адам жабыркаганын, алардын 13 каза тапканын, экөөнүн абалы оор экенин жазды.

Көз жумгандардын арасында 2008-жылкы секелек да бар экенин кабарланган. Ошондой эле Тажикстан менен чектеш эки райондон он миңден ашуун кыргыз жарандары коопсуз жактарга көчүрүлгөнүн жазды.

Макалада «Жабык, авторитардык мамлекет катары саналган Тажикстан кагылышуулар болуп жатканда азыраак билдирүү жасады. Болгону бейшембиде эки жараны ооруканага жаткырылганын жана анын биринин абалы оор экенин кабарлады» деп жазылат.

Андан тышкары аймактагы калкы эң жыш жайгашкан Өзбекстан жаңжалды жайгаруу боюнча өз жардамын сунуштаганын, ал эми чырдашып жаткан эки мамлекеттин тең стратегиялык өнөктөшү деп саналган Орусия жаңжалга көз салып жатканын билдиргени жазылган.

P.S. Бул эл аралык маалымат каражаттары макаласын жазган кезде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Кыргызстан 13 жараны каза болгонун жарыялаган эле. 30-апрелде 18:00дө Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги каза болгондордун саны 31 адамга жеткенин кабарлады. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери өз булактарына таянып 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG