Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:22

Курбаналиев: Гумжардам жеткирүү оор болуп жатат


Баткендеги качкындарга жиберүү үчүн даярдалган нан. Гуманитардык жардам. Жалал-Абад шаары. 30-апрель, 2021-жыл.
Баткендеги качкындарга жиберүү үчүн даярдалган нан. Гуманитардык жардам. Жалал-Абад шаары. 30-апрель, 2021-жыл.

Баткендеги качкындардын муктаждыгы үчүн гуманитардык жардам жеткирилүүдө. Бирок Лейлектеги качкындарга гумжардам жеткирүү оор болуп жатканын "Элим, барсыңбы?" коомдук фондунун Баткендеги өкүлү Чыңгыз Курбаналиев "Азаттык" радиосуна билдирди.

- Чыңгыз мырза, качкындарга жыйналган гуманитардык жардамды жеткирүү иши кандай болуп жатат?

- 29-апрелден бери "Элим, барсыңбы?" коомдук фондуна акчалай 141 миң сом түштү. Бул каражатка биз азык-түлүк, кийим-кече, гигиеналык каражаттарды алып, жеткирип берип жатабыз.

Негизги муктаждыктары - тамак-аш, кийим-кече, балдардын жалаяктары жана тамактары болууда. Мектептерде, бала бакчаларда жайгаштырылган качкындардын бир бөлүгү бүгүн, 30-апрелде Баткендеги тааныштарынын үйлөрүнө кетишти.

Биз бүгүн эртең менен 150 үй-бүлөгө тамак-аш жеткирип бергенбиз. Түштө 250 үй-бүлөгө тамак жеткирдик. Кечки тамакты 800дөн ашуун адамга даярдадык. Биз качкындардан тышкары аларды жайгаштырып, көмөктөшүп жаткан ыктыярчыларга да тамак жасадык.

- Лейлектеги качкындарга гуманитардык жардам жетпей жатканы тууралуу маалыматтар түшүүдө. Аларга жардам качан, кантип жеткирилиши мүмкүн?

- Бизге Лейлектен, Исфанадан ошол жактарга жайгашкан качкындар жардам сурап кайрылып жатышат. Биз жол тосулуп калганына байланыштуу ал жакка жакынкы күндөрү жардам жеткиришибиз оор болуп турат. Аларга ишеничтүү ыктыярчылар болуп калса, эртең жардам жеткиребиз деген үмүтүбүз бар. Анткени үйүнөн качып чыкканда эч нерсе албай, жада калса жылаңаяк чыккан адамдар бар экен. Буюрса, аларга да жардам жеткиребиз.

- Азыркы пандемия шартында качкындар жайгашкан лагерлерде алардын жашоосу кандай болуп жатат? Аралыкты сактоо, беткап тагынуу өңдүү талаптар сакталып жатабы?

- Негизинен абал оор эле. Адамдар жанын сакташтын айласын кылып келишкен. Аралык сакталганы менен беткап жетишсиз. Бул жакка гуманитардык жардам жиберип жаткан адамдар, уюмдар, ишканалар гигиеналык каражаттарга да көңүл бурушса жакшы болот эле.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG