Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:36

Чектеш үч облустун жетекчилеринин жолугушуусу башталды


 Ражобий Ахмодзода, Хайрулло Бозоров, Өмүрбек Суваналиев - 23-апрель, Фергана.
Ражобий Ахмодзода, Хайрулло Бозоров, Өмүрбек Суваналиев - 23-апрель, Фергана.

23-апрелде Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чектеш облустарынын башчыларынын Ферганада жолугушуусу башталды.

Ага Кыргызстандан Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев, Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражобий Ахмодзода, Өзбекстандын Фергана дубанынын губернатору Хайрулло Бозоров баштаган делегация катышып жатат.

Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев бул сүйлөшүүлөрдө экономикалык кызматташтыкка басым жасаларын "Азаттыкка" билдирген:

"Чек аралар такталып, маселе чечилгенге чейин биз экономикалык байланыштарды чыңдашыбыз керек. Карым-катышты бекемдөө менен мамилени чыңдай беребиз. Ал эми чек араларды тактоо - өкмөттөр аралык атайын комиссиянын иши. Аны күтүп турбай, ыйгарым укутарыбызга ылайык милдеттерибизди аткарып, чектеш аймактарда мамилени бекемдөөго аракеттенебиз".

Жолугушуунун алкагында үч мамлекеттин ишкерлеринин бизнес-форуму өтүүдө.

Үч мамлекеттин аталган облустары чектешкен жерлерде чек арага байланыштуу жергиликтүү тургундар арасында чыр-чатак катталып турат. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG