Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:03

Коронавирусту дарылагысы келген президенттер


Пандемия башталгандан бери адистер коронавирустун дабасын табуу менен алектенип келатышат. Аларга жардам беребиз деппи же элди дүрбөлөңгө салбоо максатындабы, айтор айрым аткаминерлер да бул ишке жигердүү катышып, медицинадан алыс жетекчилер да кеп-кеңештери менен аянбай бөлүшүүдө.

Бир жылдай мурун Мексиканын Пуэбла штатынын губернатору Мигель Барбоза “коронавируска каршы вакцина табылды, бул - индүк менен момолойдон жасалган тамак” деп айтканы көпкө чейин талкууланып жүрдү. Ага чейин эле жетекчи жакыр адамдардын COVID-19 илдетине туруштук бере тургандай иммунитети күчтүү деп билдирген. Мунун далили катары ооруп калган мексикалыктардын көбү чет өлкөлөргө чыгууга мүмкүнчүлүгү бар бай адамдар деп түшүндүргөн.

Кыскасы, Барбозанын вирусология тармагындагы “билими” жөнөкөй кишилердин күлкүсүн келтирсе, дарыгерлер абдан нааразы болушкан. Губернатор медицинадан алыс адам экенин белгилей кетүү керек.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын да бул жаатта атайын билими жок болгону менен былтыр апрелде Ак Үйдөгү пресс-конференциялардын биринде адамга хлорка өңдүү дезинфекциялык затты сайса, коронавирустан коргосо, дарыласа болот деген оюн билдирип, окумуштууларга ушул ыкманы карап көрүүнү сунуш кылган. Дарыгерлер менен саламаттык сактоо эксперттери ошондон кийин дароо элди дезинфекциялык каражаттарды ичпөөгө же сайдырбоого үндөп, мунун арты ууланууга, өлүмгө алып келиши ыктымал, коронавирустан айыктырбайт деп катуу эскертишкен.

Айрымдар президенттин сунушун кооптуу, "акылга сыйбас" жорук, атүгүл "макоолук" деп атап, катуу сындашкан. Алар Трампты андай комментарийлерден карманып, медиктердин кеңештерин угуп, аларга сөз берүүгө чакырышкан.

Ал эми кесиби боюнча дарыгер, тагырагы тиш догдур Гурбангулы Бердимухаммедовдун коронавирусту жок кылуу үчүн адырашман менен аластоо керек деген кеңеши далайга чейин дүйнөлүк медиада талкууланып келди.

Беларусту башкарган Александр Лукашенко да четте калбай, дарылануунун өз ыкмасын сунуш кылган. Ал “трактор айдап иштесеңер, айыгасыңар, айдоо талаасынын дарылоо касиети бар” деген кеңеши менен бөлүшкөн. Карантин киргизүүдөн баш тарткан Лукашенко хоккей ойноп жатып, “муз спорту вируска каршы мыкты дары” деп айтканы да бар.

Танзаниянын президенти COVID-19ду жеңүү үчүн чиркөөгө барууга чакырып келген. “Коронавирус бул шайтан, Ыйса пайгамбардын денесинде жашай албайт” деп динзарларга үйрөткөн. Бирок бул кеңеш ага жардам берген жок көрүнөт, президент жакында дал ушул коронавирустан көз жумду.

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте дезинфекциялык каражат жок болсо, беткаптарды бензинге чылап тагынууну улам-улам эскертип жүрдү. Саламаттык сактоо адистери анын айткандарын түзөп, тамашалап атат дегендей таризде билдирүүлөрдү жасашкан эле. Бирок президент “мен чын айтып жатам” деп, элди май куйуучу жайларга жөнөөгө чакырган.

Бензин беткапты дезинфекциялайт деген бир да далил жок. Тескерисинче, аны менен көпкө дем алуу зыяндуу болот. Анын үстүнө өрт чыгуу коркунучу жогору.

Иранда бир табып коронавирусту "Пайгамбардын атыры" менен дарылайм десе, Индияда бир жамаат уйдун заарасын пайдаланып жүргөнүн маалымат каражаттары жазышкан. Түркияда метанолдон бир нече киши өлүп, бир тобу ууланган.

Дарыгерлер ансыз да элдик ыкмалар менен дарылануу кейиштүү кесепеттерге алып келерин эске салып, калкты адистердин гана сөздөрүнө ишенүүгө үндөшөт.

XS
SM
MD
LG