Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:36

Трамптын талаштуу дары тууралуу видеосу өчтү


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Кошмо Штаттарында коронавирустан көз жумгандардын саны 150 миңге чукулдады.

Алты штатта соңку бир күндө ажал тапкандар боюнча эң чоң көрсөткүч катталды.

Мексика менен Бразилияда оорудан өмүрү кыйылгандар көбөйдү.

Акыркы бир күн ичинде АКШнын Арканзас, Калифорния, Флорида, Монтана, Орегон жана Техас штаттарында коронавирустан ажал тапкандардын эң жогорку көрсөткүчү катталды.

Техастын өзүндө эле ооругандардын саны 400 миңден ашты жана мындай көрсөткүч менен COVID-19га чалдыккандардын саны боюнча алтынчы орунда турган мамлекеттен кийинки болуп калды.

Калифорнияда бийлик бул штатта илдетке кабылгандардын теңинен көбүн жана андан ажал тапкан жарандардын жарымына жакынын латын америкалыктар түзөрүн билдирди.


Шейшембиде АКШнын президенти Дональд Трамп социалдык тармактардагы баракчаларына коронавирустан айыктырат деп гидроксихлорохин препаратын жарнамалап жаткан дарыгерлер тартылган видеону чыгарды. Көп өтпөй «Фейсбук» менен «Твиттер» ал видеону өчүрүп салды. Трамп бул дарыны сунуштаган дарыгерлерди жактады.

«Бир топ дарыгерлер ал дарыны жакшы деп жатышат. Кечээ Интернетке жайгаштырылган видеодогулар дарыгерлердин тобу болчу. Кайсы бир себептерден улам Интернет аны жарыялабай койду. Эмнеге андай кылганын билбейм. Менимче алар кадыр-барктуу эле дарыгерлер болчу».

Буга чейин Дональд Трамп коронавирустан коргонуш үчүн безгекке каршы бул дарыны - гидроксихлорохинди ичип жатканын билдирген.

Май айында «Ланцет» медициналык журналына бул дары COVID-19ду дарылоодо натыйжа көрсөтө албаганы, мындай дарыны ичкен адамдардын арасында ажал тапкандар көбүрөөк катталганы тууралуу макала жарыяланган. Мындан улам Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму гидроксихлорохинди клиникалык сыноодон өткөрүүнү токтоткон.

Сербия.
Сербия.


Мексиканын Саламаттык сактоо министрлиги шаршембиде соңку бир күн ичинде оору дагы 7200дөн ашык адамдан аныкталганын, 850дөн ашык бейтап көз жумганын билдирди. Бул өлкөдө COVID-19га кабылгандар 402 миңден ашык, 45 миңге чукул бейтап каза болду. Мексика азыр ооругандардын санына карап төртүнчү орунда турат.

Бразилияда акыркы бир суткада коронавирус болгон дагы 41 миңдей киши катталып, 920дан көп бейтап ажал тапты. АКШдан кийинки эле экинчи орунда турган бул мамлекетте ооругандар 2,5 миллионго чамалады жана 88,5 миңден көп бейтап жарык менен коштошту.

Гонконгдун башчысы Кэрри Лэм аймакта оору жайылып кетүү коркунучу жогорулаганын эскертип, жарандарды мүмкүн болушунча үйдө болууга чакырды. Шаарда 29-июлдан тарта коомдук жайларда беткап тагынуу керек жана экиден көп чогулууга болбойт. Лэм оору кеңири жайыла турган болсо ооруканалар бейтаптарга толуп, саламаттык сактоо тармагы кыйынчылыкка учурай турганын айтты.

Гонконгдо соңку бир күндө оору жугузуп алган 103 адам аныкталды. Бул аймакта коронавируска 2880 адам кабылып, 23 бейтап көз жумду.


Кытайда акыркы 24 сааттын аралыгында оору жуккан 101 учур катталды жана соңку үч айдан берки эң чоң сан болуп калды.

Иран дале оору азабынан арыла элек, акыркы бир күндө 235 адам каза болду. Жакынкы Чыгыштагы бул мамлекетте коронавирустун айынан 16 миңден көп киши ажал тапты.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жарандарды жай мезгилинде оорунун жайылышы басаңдайт деп өзүн сооротуудан оолак болууга чакырды.

«Жай мезгили вирустун жайылышына таасир этпейт. Анын тарашына адамдардын көп топтолгону, социалдык аралыктын сакталбаганы, оорунун алдын алуу чаралары көрүлбөгөнү өбөлгө болот. Адамдар арасында жакын байланыш болгон учурда вирус кеңири жайылып кеткенин көрүп жатабыз», - деди уюмдун расмий өкүлү Маргарет Харрис.

Америкалык Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө COVID-19дан жан бергендер 660 миңге чукулдап, ооруга кабылгандардын саны 16,5 миллионго жетип калды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG