Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Күбө: Айзаданы уурдашканы тууралуу милицияга 7:21де маалымат бергем


Айзаданы автоунаага күчтөп салып жаткан учур тартылган видеодон алынган сүрөт. Видео ошол эле күнү интернетке тараган. Бишкек. 5-апрель, 2021-жыл.
Айзаданы автоунаага күчтөп салып жаткан учур тартылган видеодон алынган сүрөт. Видео ошол эле күнү интернетке тараган. Бишкек. 5-апрель, 2021-жыл.

Айзада Канатбекованы автоунаага күчтөп салып жатканын байкап калып, милицияга маалымат берген күбө "Азаттык" радиосу менен байланышты. Аты-жөнүн атагысы келбеген күбө окуя болуп жаткан кезде жөө адамды өткөрүп жиберүү үчүн токтоп турган:

"Чынында мен кыз экенин деле түшүнгөн эмесмин, себеби мен зебрадан өтүп бараткан адамды карап, ошону күтүп тургам. Бир нерсе болуп жатканын түшүнүп, унаамды токтоткончо, алар мени кыйгап өтүп, катуу жүрүп кетишти. Мага кишинин буту эшиктин сыртына чыгып калгандай көрүндү. Артынан айдап, кызыл автоунаанын номурун тагыраак көрүүгө аракеттендим. Алар аны байкап калып, ансайын катуу айдап кетишти. Мен милицияга адам уурдоо болгонун кабарлап, кызыл "Хонда-Сивиктин" мамлекеттик номурун да айтып бердим. Ошондо саат 7:21 болчу. Окуя болгон жерге түшкө жуук кайра келип, кызды күчтөп машинага салган учур "Фаизанын" (кафе - ред) видеокамерасына түшүп калганын көрдүм. Ошондо да милицияга кайра чалып, камерага түшүп калган видео бар экенин айткам. Мындай болуп кетерин билген эмесмин, өзүмдү күнөөлөп, "балким түшө калып кыйкырсам жакшы болмок беле" деп өкүнүп жатам", - деди күбө.

27 жаштагы Айзада Канатбекованы 5-апрелде саат 7:30 чамасында белгисиз үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып жаткан учур ошол жердеги мекеменин видеокамерасына түшүп калган.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирди. Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду. Айзада Канатбекованы уурдоого катышкан деп шек саналган төрт адам кармалды.

Айзада жоголгон эки күн
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:19 0:00

Бул окуядан улам коомчулукта милициянын дарегине "шалаакылык кылды" деген доомат, сындар айтылып жатат. 8-апрелде Бишкекте жана Ошто ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Айзаданын өлүмүнө моралдык жоопкерчилик сезерин ички иштер министри Улан Ниязбеков 8-апрелде парламентте билдирген. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев Айзаданын өлүмү үчүн милициянын атынан кечирим сураган. (ZKo/AiB)

XS
SM
MD
LG