Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:28

Айзаданын өлүмү: Кандуу окуянын сүрөтүн тараткандар изделүүдө


Бишкектеги нааразылык акциясына катышкандар Айзаданын сүрөтүн көтөрүп турушат. 8-апрель, 2021-жыл.
Бишкектеги нааразылык акциясына катышкандар Айзаданын сүрөтүн көтөрүп турушат. 8-апрель, 2021-жыл.

Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын жана кылмышка шектүү Замирбек Теңизбаевдин сөөктөрү табылган учурда тартылган сүрөттөрдү Интернетке тараткандар изделип жатат.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, сүрөт кандай жол менен тарап кеткенин ИИМдин Ички иликтөө кызматы териштире баштады.

27 жаштагы Айзада Канатбекованы өлтүргөн соң өз жанын кыйган деп айтылып жаткан кишинин сөөгү табылгандан кийин тартылган сүрөт 8-апрелде социалдык тармактарга тарап кеткен.

Интернет колдонуучулар кызды убагында таппай шалаакылык кылганы аз келгенсип, кандуу окуянын сүрөтүн журналисттер менен соцтармактардагы баракчаларга тымызын берген деп милицияны сынга алышкан. Алар муну Айзаданын сөөгүн кордоо катары баалап, тиешелүү кызматкерлердин жазага тартылышын талап кылышууда.

Канатбекова 5-апрелде уурдалып, изделип жаткан. Аны бир нече адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео Интернетке тараган.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган кишинин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Шаардык милиция шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач аны футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирген. Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду.

Айзада Канатбекова бир үйдүн жалгыз кызы болчу. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. Бишкекте жана Ошто 8-апрелде күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү. (NT)

XS
SM
MD
LG