Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:43

Айзаданын өлүмү: Прокуратура шалаакылык боюнча иш козгоду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкек шаардык прокуратурасы 27 жаштагы Айзада Канатбекованын уурдалып, андан кийин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу милиция кызматкерлеринин аракетин иликтөө максатында «шалаакылык» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Башкы көзөмөл органынын расмий сайтында кабарлангандай тергѳѳ ишин жүргүзүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгына тапшырылды.

5-апрелде Айзаданы үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирди.

Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду.

Бир үйдүн жалгыз кызы, Айзада Канатбекова Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Каргашалуу окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. 8-апрелде Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөр жазалансын, мындай көрүнүштөргө жол берилбесин жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Айзада Канатбекованы уурдоого катышкан деп шек саналган төрт адам кармалды. (BTo)

XS
SM
MD
LG