Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:16

Өзбекстанда 1-апрелден тартып карантиндик чаралар киргизилет


Өзбекстанда 1-апрелден тартып коронавируска байланыштуу карантиндик чаралар киргизилет. Мындай чечимди өлкөдө СOVID-19 вирусун жугузгандар көбөйгөнүнө байланыштуу республикалык атайын комиссия кабыл алды. Ага ылайык, өлкөдө той, жаназага 100дөн ашык адам чогулууга тыюу салынат. Коомдук иш-чараларга адамдардын дене табы сөзсүз текшерүү менен киргизилип, алар аралыкты сакташы керек.

Театр, башка маданий жайларда көрөрмандар залдын 50 пайызын гана ээлеши керек жана беткап тагынууга милдеттүү. Карантиндик чаралардын аткарылышын көзөмөлдөөгө иш-чаранын уюштуруучулары жооптуу болот.

Өзбекстанда соңку күндөрү коронавирус жугузгандар көбөйүүдө. Өлкөдө былтыр башталган пандемиядан бери 81 600дөн ашык адам вирус жугузуп, 622 адам каза болду.

XS
SM
MD
LG