Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:05

COVID-19: Германияда карантиндин мөөнөтү узарды


Ангела Меркель өкмөт жыйынында
Ангела Меркель өкмөт жыйынында

Европада коронавирустун үчүнчү толкуну күчөп жаткан маалда Германиянын бийлиги өлкө аймагында карантиндик чараларды 18-апрелге чейин узартты.

Мындай чечимди канцлер Ангела Меркель федералдык аймактардын жетекчилери менен 11 сааттан ашык убакытка созулган жыйындан соң кабыл алды. Ага ылайык, өлкөдө апрелдин башында белгиленчү Пасха майрамы учурунда чектөөлөр күчөтүлөт. Бардык дүкөндөр жабылып, диний жөрөлгөлөр онлайн режимде өтөт. Жарандарга эч жакка чыкпоо сунушталды.

“Биз азыр абдан кыйын абалдабыз. Ооруну жугузуп алгандар геометриялык прогрессия менен көбөйүп жатат, ал эми ооруканалардагы орундар толуп калды”, - деди Меркель.

Бавария аймагынын премьер-министри Маркус Зёдер Германия абдан оор учурду башынан өткөрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, коронавирустун жаңы штаммы бат жайылып, улгайгандар эле эмес, жаштар үчүн да кооптуу болууда.

Европа өлкөлөрүндө акыркы апталарда вирус жугузгандардын саны көбөйүп жатат. Буга кошумча вакциналарды жеткирүүдө да көйгөй жаралууда.

Ушундай кырдаалда чектөөлөрдүн киргизилишине жергиликтүү тургундардын нааразы болуп, апта соңунда бир нече мамлекетте акциялар өттү. Соңку күндөрү Франция, Италия, Австрия жана Польша да коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү күчөттү.

XS
SM
MD
LG