Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:44

«Microsoft» хакерлер техникалык кодго чабуул коюшканын жарыялады


«Microsoft» компаниясы.
«Microsoft» компаниясы.

Америкалык бир катар мамлекеттик жана жеке мекемелерге коюлган киберчабуулдун артында турганы жоромолдонгон Орусия өкмөтүнүн хакерлери «Microsoft» компаниясынын техникалык кодун ачууга мүмкүнчүлүк алышкан. Бул тууралуу америкалык компания 31-декабрда кабарлады.

Маалыматка караганда, хакерлер бир катар ички маалыматтарга ээ болушкан, бирок кандайдыр бир кодду же инженердик системаны өзгөртө алышкан эмес.

«Бул чабуул биздин кызматтардын коопсуздугуна же кардарлар жөнүндө маалыматтарга коркунуч жаратпайт. Бирок биз ачык-айкын болуш үчүн бул маалыматты бөлүшүп, изилдеп жатканыбызды кабарлоону чечтик», деп айтылат компания тараткан маалыматта.

АКШнын кибер коопсуздук боюнча агенттиги жана эксперттер буга чейин март айындагы хакердик чабуулдун масштабын аныктоо иши жүрүп жатканын кабарлап жатышат.

АКШнын өкмөттүк мекемелерине кибер чабуул коюлганы алгач 13-декабрда кабарланган. Аны учурда Орусияда жайгашкан хакерлер тобу уюштурушу мүмкүн экени айтылган. Бирок Орусиянын бийлиги мындай дооматтарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG