Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:35

АКШнын Юстиция министрлиги орусиялык атайын кызматтын алты офицерин киберчабуул үчүн айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«NotPetya» аттуу вирустун таратылышы тарыхтагы эң күчтүү киберчабуулга айланып, миллиарддаган чыгымдарга алып келди.

АКШнын Юстиция министрлиги дүйшөмбү күнү Орусиянын аскер чалгын кызматынын алты офицерине коюлган айыпты жарыялады. Прокуратуранын маалыматына караганда, Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын кызматкерлери айыпталып жаткан киберчабуулдар миллиарддаган доллар чыгымдарды жараткан.

Прокурорлордун маалыматына караганда, шектүүлөр 2016-жылы Демократиялык партиянын ишмерлеринин кат алышуусун уурдап, АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен чалгын кызматында иштешет.

2017-жылы ушул эле адамдар Франциядагы президенттик шайлоонун уюштуруучуларына киберчабуул коюшкан. Ошондой эле алардын эсебинде орусиялык мурдагы чалгынчынын уулануусун иликтеген британиялык тергөө кызматына, 2018-жылы Пхенчханда өткөн Олимпиадалык оюндарды уюштуруучулардын кеңсесине коюлган чабуул да бар.

Орусиялык хакерлердин бутасында Украинанын Финансы министрлиги менен электр жабдуу системасы да болгон.

«New York Times» муну «АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кремлдин башка өлкөлөрдүн ишине киришүү аракетин жазалап жатат» деп белгиледи.

Юстиция министрлигинин айыптоосунда Орусиянын АКШдагы 2020-жылкы президенттик шайлоого кийлигишүүсү жөнүндө сөз жок. Бирок америкалык атайын кызматтар Москва быйыл ноябрда өтө турган АКШдагы президенттик шайлоого да таасир этүүгө аракеттенген деген жыйынтыкка келишкен.

АКШнын расмий булактары маалымдагандай, орусиялык Юрий Андриенко, Владимир Детистов, Павел Фролов, Анатолий Ковалёв, Артём Очиченко жана Пётр Плискин Орусиянын Башкы чалгын кызматынын №74455 аскер бөлүгүндө иштешет.

Киберчабуул үчүн айыпталган «Sandworm» хакерлик тобунун мүчөлөрү - жалпы дүйнөгө «NotPetya» деп аталган компьютердик чабуулду таратуучулар. Бул вирустан келип чыккан чыгым 10 млрд. долларга жеткенин «Америка абазы» радиосу маалымдады.

XS
SM
MD
LG