Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:34

«Фейктерди токтотуунун жолун издеп жатабыз»


Акыйкатчы Токон Мамытов.
Акыйкатчы Токон Мамытов.

Акыркы күндөрү саясатчыларды, жалпыга маалымдоо каражаттарын социалдык тармактар аркылуу ар кандай мүнөздө коркутуп-үркүткөндөр көп болуп жатат. Бул абал боюнча акыйкатчы Токон Мамытов «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

- Кыргызстанда соңку саясий кырдаалдардан кийин социалдык тармактарда каршы агрессия күчөп, өзгөчө журналисттерге, активисттерге карата онлайн чабуулдар көбөйдү. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Бул көрүнүш - жалаң эле Кыргызстанга тиешелүү эмес, дүйнөдөгү өнүккөн, өнүгүп келе жаткан, өнүкпөй калган өлкөлөргө да мүнөздүү нерсе. Болгону ортодо айырма бар. Өнүккөн Европа, Азия өлкөлөрүндө биздегидей саясатчыларды коркутуу, опузалоо сыяктуу көрүнүштөр дээрлик жок, ал жактагы онлайн чабуул башкача маанайда өтүп жатат. Кайсы бир саясатчынын жүрүм-турумуна, кийингенине же айткан сөздөрүнө асылгандар болот.

Экинчиден, өнүккөн мамлекетте оппозиция болобу, бийликпи мындай онлайн опузага каршы бир келишимге келип алышкан. Ал жакта кимдир-бирөөгө каршы коркутуу болсо оппозициясы да, бийлиги да бириге калып, укук коргоо органдарына талап коюп, үч-беш күндө таап, жазасын берет. Ал жакта айып пулдун көлөмү да чоң. Маселен, Европада онлайн чабуул аныкталса, 50 миң евродон өйдө жазага тартылып, 10 жылга түрмөгө камалат. Ушундай нормативдик мыйзамдар кабыл алынган.

Дагы бир нукка салуучу нерсе - оппозиция тууралуу мыйзам болушу керек. 2010-жылдары бир топ саясатчылар ушул маселени көтөрүп келип эле унутулуп калды. Оппозициялык нуктагы саясатчылардын укуктарын коргогон мыйзам керек. Анын зарылдыгын акыркы күндөрү өлкөдө болуп жаткан окуялар далилдеп турат. Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай - фейк, анонимдүү деп жатпайбызбы, илгери буларды «тоголок арызчы» деп коюшчу, ошонун эле бир түрү болуп, жашыруун ат менен бирөөлөрдү каралап жатышпайбы. Азыр Кыргызстанда ушулардын ишин көзөмөлдөө боюнча бир мыйзам кабыл алыш керек.

Андай фейктерди табыш жеңил, атайын органдар бат эле таба алышат. Андыктан тиешелүү бир мыйзам кабыл алып, же иштеп жаткан мыйзамдарга толуктоо киргизип туруп, фейктердин артындагы адамдарды жоопко тартканга аракет кылыш керек.

Адам укуктарынын маселесине келсек, конкреттүү бир адамдын, фамилиясын, атын жашырбаган жарандын укуктарын коргосо болот. Ал эми анонимдүү, фейктер менен жүрүп жаткан салгылаш виртуалдуу болуп, кайсы адам укуктары жөнүндө сөз болууда деген суроону ачат.

- Негизи эле ушул фейк-аккаунтарга саясатчылардын таасири барбы? Болсо кандай болушу мүмкүн?

- Албетте, бар. Бул азыр деле эмес, мурдагы биринчи, экинчи президенттин учурунда деле болгон. Маселен, президенттер районго, облуска же айылга бара жатса, «жолугат» десе эле саясатчылар өздөрүнүн касташтарына каршы ошол жактагы жергиликтүү адамды жалдап сүйлөтүп койчу. Кээ бир «кызматка барам» деп жулунгандар «ой, тетиги бала кыйналып калды, ишке алып койбойсуңбу» деп айттырган учурлар болчу. Фейктер бүгүн эле чыга калган жок. Бирок мурда Интернет азыркыдай өнүгө элек болчу. Азыр көпчүлүк саясатчылар пиардын ушул жолун тандап алууда. Реалдуу саясатын жүргүзө албай, сөз сүйлөө, ой-пикир айтуу дарамети жоктор, ар кандай «хейтерлер» дейбизби, балким кээ бир блогерлерди пайдаланып, алардын сөзү менен өзүн мактатып, оппонентин жамандатып жатышпайбы.

- Акыйкатчы институту ошондой адам укуктары бузулган жарандардын коопсуздугун сактоого мамлекеттик органдардын көңүлүн бурдуруу аракетин көрө алабы?

- Сөзсүз түрдө биз көңүл бурушубуз керек. Бирок Бектур Асанов, Клара Сооронкулова ж.б. беделине шек келтирген да нерселер болуп жатпайбы, өздөрү да айтууда. Алар боюнча бизге оозеки кайрылуулар болгон. Биз азыр укук коргоо органдары менен биргелешип, аларды опузалаган фейктерге каршы кандайдыр бир жазалоочу укуктук жолдорду табуу аракетиндебиз. Мындай билдирүүлөр менен милицияга кайрылганда конкреттүү түрдө күнүн, саатын көрсөтүш керек. Кээ бири жазып коюп, өчүрүп салууда. Укук коргоо органдары менен иштешип жатабыз.

- Айрым учурда бийлик башындагы адамдардын билдирүүсүн, пикирлерин айрымдар буйрук катары кабылдап, башка атаандаштарга чабуул коюп, керек болсо дарегин издеп барганга чейинки көрүнүштөрдүн кесепети кандай болушу мумкүн?

- Негизи, укук коргоо органдары саясатчылардын же опузага учурагандардын кайрылуусун күтпөй, маалымат чыкканда эле мыйзам чегинде териштирип, иликтеп, анан чара көрүшү керек. Болуп жаткан нерсенин баары - Кыргызстанда саясий маданияттын жоктугунун далили.

Демек, биз даана реалдуу саясатка жете элекпиз. Жалпы маданий, билим деңгээли түшүп кеткенден кийин мындай терс көрүнүштөр чоң саясатта, чоң маданий аренада жана күнүмдүк турмушта деле кайталана берет.

- Мындай агрессиянын арты элди бөлүп-жарууга алпарбайбы?

- Албетте, бөлүнүүгө шарт түзөт.

- Сиздер азыр медиа чөйрөдөгү кыймыл-аракетке көз салып талдоо жүргүзө аласыздарбы?

- Бизде мунун баарын талдап, карап отурганга мүмкүнчүлүк жок. Бизге белгилүү бирөө кайрылганда гана карайбыз. Акыйкатчынын эң башкы милдети - эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуу. Акыйкатчы тууралуу мыйзамда да так жазылган. Кыргызстандын жарандарына, ошондой эле биздин өлкөнүн аймагындагы башка өлкөлөрдүн атуулдарына бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүп, укугу бузулганда алардын укугун коргошубуз керек.

Азыркы жагдай адам укуктары жагынан мүшкүл катары сыпатталса, мыйзам жагынан укук коргоочулар чабуулчуларды таап, жазага тартыш үчүн атайын мыйзам талап кылынууда.

XS
SM
MD
LG