Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

«Таймс»: Орус бийлиги Навальныйды экинчи ирет да уулантууга далалат кылган


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Улуу Британиядагы «Таймс» басылмасынын 12-декабрдагы кабарына караганда, расмий Кремль оппозициячыл саясатчы Александр Навальныйды экинчи ирет да уулантууга аракет кылган. Уунун экинчи дозасы курмандыктын денесине атайын жөнөтүлгөн учак Омск шаарынан Берлинге аны алып кетээр алдында сайылышы керек болгон.

Алексей Навальный учактын ичинде комага түшүп калган. Оболу аны Томск шаарынан Москвага учурушкан, бирок жолдо учкучтарга жакыныраак шаар болгон Омск шаарынын аба майданына учакты кондуруу тууралуу буйрукту аткарууга туура келген.

«Тез жардам» унаасы менен келген дарыгерлер тобу Навальныйга ууга каршы антидот катары дары зат сайышкан. Кийин аныкталгандай, иш жүзүндө буга чейинки уу – нервди жабыркатуучу аскердик заттын «Новичок» аттуу түрү болгон.

«Таймс» басылмасынын маалыматына караганда, Омскидеги сайылган антидот Навальныйга карата жасалган экинчи уулантуу аракетинен да анын организмин сактап калган. Бул тууралуу «Таймс» гезитине Улуу Британиянын химиялык, биологиялык, радиациялык жана өзөктүк куралдарга каршы күрөш боюнча атайын аскер бөлүгүнүн мурдагы жетекчиси айтып берген.

Анын ууланганын айтышкан жакындары Навальныйды чет мамлекетке которууну талап кылышып, бир нече күндөн кийин ал Берлиндеги «Шарите» ооруканасына которулган.

Расмий Кремль өзүнө карата айтылган «Навальныйды уулантты» деген дооматтарды четке кагып келет. (TT)

XS
SM
MD
LG