Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

АКШ Навальныйдын ууланышына байланыштуу резолюция кабыл алды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасы Алексей Навальныйдын ууланышына байланыштуу резолюция кабыл алды. Мыйзам чыгаруучулар Вашингтонду орус оппозиционери кабылган инцидентке байланыштуу Орусияга санкция киргизүүгө чакырышты.

Конгресстин резолюциясы сунуш иретинде экени белгиленет.

18-ноябрда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Навальныйга каршы химиялык курал колдонууга байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Атайын кызматка арыз менен оппозиционер түзгөн Коррупция менен күрөш фонду кайрылган. ФСБ бул ишти кароодон баш тартышынын себебин ыктымал ууландыруу фактысын башка укук коргоо органдары иликтей турганы менен түшүндүргөн.

Коррупция менен күрөш фондунун юристи муну «өзүнөн оолактатуу» аракети катары баалап, ФСБнын тергөө башкармалыгын сотко берген.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген. Навальный 19 күндөн кийин эсине келген.

Германиянын, кийин башка өлкөнүн эксперттери Навальный «Новичок» тобундагы уу менен ууландырылган деген жыйынтыкка келишкен. Европа Биримдигиндеги бир катар өлкөлөр Москваны фактыны иликтөөгө чакырышкан. Биримдиктеги бир нече өлкө Навальныйга кол салууга тиешеси бар экени айтылган орусиялык бир нече аткаминерге санкция салган.

Алексей Навальный өзү аны Кремлдин көрсөтмөсү менен атайын кызматтар ууландырган деп эсептейт. Орусиянын бийлиги оппозиционердин ууланышына тиешеси жок экенин билдирип келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG