Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Орусия Навальныйдын иши боюнча Батышка санкция киргизет


Cергей Лавров.
Cергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ишине байланыштуу Москва Германия менен Франциянын кызмат адамдарына каршы санкцияларды киргизе турганын билдирди.

Буга чейин Европа Биримдиги атайын адистердин бүтүмүнөн соң оппозиционер Навальный «Новичок» уусу менен уландырылган деген жыйынтыкка келген. Буга байланыштуу Евробиримдик Орусиянын алты жаранына, анын ичинде президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары Сергей Кириенкого, Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортниковго жана башка адамдарга санкция киргизген.

Сергей Лавровдун айтымында, Орусиянын санкциялары жооп иретинде болмокчу. Ошондуктан орус аткаминерлерине санкция киргизүү боюнча демилге көтөргөн Франция менен Германиянын жетекчилерине карата Кремль чара көрүлөт. Министр Лавров бул боюнча чечим кабыл алынганын жана жакын арада аталган өлкөлөргө тизме жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Санкция өлкөгө кирүүгө тыюу салуу менен эгер кайсы бир активи болсо камакка коюуну камтыйт.

Сергей Лавров 12-ноябрда орусиялык жана чет өлкөлүк маалымат каражаттары менен маектешти. Ал Навальныйдын ууландырылышы боюнча сүйлөп жатып, орус бийлигинде саясатчы Германиянын аймагында же аны алып барган учактын ичинде ууландырылышы мүмкүн деп шек саноого негиз бар экенин билдирди.

Орусиялык оппозиционер, президент Путиндин элдешкис оппоненти Алексей Навальный август айында Томскиде ууланган. Учурда ал Германияда дарыланып жатат.

XS
SM
MD
LG