Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:49

Ооганстанда ондогон киши автоунаанын жарылуусунан набыт болду


Газни вилайети. Ооганстан. 2020-жылдын 9-сентябры.
Газни вилайети. Ооганстан. 2020-жылдын 9-сентябры.

Ооганстандын расмий бийлигинин маалымдашынча, 29-ноябрда эртең менен өлкөнүн Газни вилейетинде бир жанкечти жардыргыч зат жүктөлгөн автоунаасы менен Газни шаарынын чет жакасындагы аскердик базага кол салып, натыйжада коопсуздук күчтөрүнүн бери дегенде 26 кызматкери набыт болду.

«Ушул тапта бизге 26 кишинин сөөгү жана 17 жарадар жеткирилди. Бардыгы тең – коопсуздук күчтөрүнүн кызмакерлери», – деп Газни шаарынын ооруканасынын директору Мухаммед Хемат «Франс Пресс» агенттигине маалымдады.

Газни аймактык кеңешинин мүчөсү Насир Ахмад Факиринин айтымында, бери дегенде 17 киши жардыруунун айынан ар кыл жаракат алышты.

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү автоунаанын жардырылгандыгын тастыктады, бирок анын курмандыктары тууралуу азырынча маалымат бере алган жок.

Соңку мезгилдерде чыгыштагы Газни вилайетинде жана өлкөнүн башка айрым аймактарында ооган коопсуздук күчтөрү менен талибдердин жоочуларынын өз ара кагылышуулары орун алып келет.

Ооганстан бийлиги менен талибдердин ок атышууларды токотууга багытталган дипломатиялык аракеттери жарга кептелген бойдон турат.

XS
SM
MD
LG