Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:13

НАТОнун Ооганстандагы миссиясы боюнча чечим февралда кабыл алынат


Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

НАТО мамлекеттери уюмдун Ооганстандагы машыктыруу миссиясынын тагдыры тууралуу чечимди февралдагы жыйында кабыл алат. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 23-ноябрдагы Трансатлантикалык альянс өткөргөн иш-чарада билдирди.

«Биз кыйын тандоонун алдында турабыз. Же калып аскердик салгылаштын баасын төлөөнү уланта беришибиз керек. Же кетип, буга чейин жетишкен ийгиликтерди жоготуу коркунучуна кабылабыз. Тынчтык жараяны үзгүлтүккө учурайт», - деди Столтенберг.

Мындай билдирүүнү ал АКШнын бийликтен кетип жаткан президенти Дональд Трамптын администрациясы Ооганстандагы аскерлерин азайтарын кабарлаган соң билдирди. Анда Кошмо Штаттар бул өлкөдөгү 4500 аскерин 2500гө чейин азайтары тууралуу сөз болгон.

Ал учурда Йенс Столтенберг «НАТОНун миссиясы калат» деп жооп кайтарган.

АКШда 3-ноябрдагы президенттик шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери Жо Байденге жеңилип калган Дональд Трамптын администрациясы бийликтен кетер алдында Ооганстан менен катар эле Ирактагы америкалык аскерлер азайтылары кабарланган.

БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди Ооганстандын донорлору боюнча Женевадагы конференцияда эл аралык коомчулук бул өлкөгө жардамды токтотсо «кесепети оор» болорун эскертти.

XS
SM
MD
LG