Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Пакистандын премьер-министри Кабулга келди


Бул өкмөт башчы болуп 2018-жылы шайланган Имран Хандын Ооганстандагы алгачкы сапары.
Бул өкмөт башчы болуп 2018-жылы шайланган Имран Хандын Ооганстандагы алгачкы сапары.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан 19-ноябрда Ооганстанга расмий сапар менен келди. Ал Кабул менен «Талибандын» өз ара сүйлөшүүлөрүнөн азырынча майнап чыкпай, зордук-зомбулук күчөгөн чакта ооган президенти Ашраф Гани менен жолукту. Ганинин басма сөз катчысы Дава Хан Минапал эки лидер соода-экономикалык алака-катышты, аймактагы коопсуздукту талкуулай турганын айткан.

Бул өкмөт башчы болуп 2018-жылы шайланган Имран Хандын Ооганстандагы алгачкы сапары.

Мунун алдында АКШ келерки жылдын башына карата Ооганстан менен Ирактагы аскерлерин кескин азайтарын билдирген.

Ушул жылдын сентябрь айында Ооганстандын Улуттук кайра биригүү кеңешинин башчысы, мурдагы башкы аткаруучу Абдулла Абдулла Пакистанда болгон. Абдулла 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу боюнча «Талибан» менен тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Кабулдун расмий делегациясын жетектейт.

Пакистан - «Талибанга» таасири өткөн, аймактагы негизги ортомчулардын бири.

Эки өлкөнүн алака-катышы узак жылдар бою татаал болуп келген. Кабул менен Вашингтон Исламабадды «Талибандын» жетекчилерин жаап-жашырат, колдойт деп күнөөлөп жүргөн. Пакистан болсо анын талибдерге таасири өтө эле ашыкча көрсөтүлгөнүн, Ооганстандагы тынчтык үчүн болгон жардамын берүүгө даяр экенин билдирген.

АКШ менен «Талибан» быйыл февраль айында тынчтык келишимине кол койгон. Документте Кабул менен талибдер туткундарды алмашып бүткөндөн кийин оогандардын өз ара ички диалогун башталары жазылган. Бул жараян туткун алмашуу маселесинен улам кыйла кечеңдеп атып, сүйлөшүүлөр 12-сентябрда Катардын Доха шаарында башталган.

Эки тарап ымала келе баштаганы менен Ооганстанда өкмөттүк күчтөрдү бутага алган чабуулдар, зордук-зомбулук токтой элек.

XS
SM
MD
LG