Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:03

Баш мыйзамдын долбоору боюнча тил адистеринин тобу түзүлдү


Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбооруна жана Конституциялык кеңешме иштеп чыккан сунуштарга лингвистикалык экспертиза жүргүзүш үчүн атайын топ түзүлдү. Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, парламент спикери Талант Мамытов 24-ноябрда кол койду.

Лингвистикалык эксперттик топтун курамы менен бул жакты басып таанышыңыз.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, демилгечилер 80 депутат экени айтылды жана алардын тизмеси жарыяланды. Алардын ичинен айрым депутаттар долбоордун тексти менен таанышпастан эле бул тизмеге кошулуп калышканын, андагы айрым жоболорго макул эместиктерин билдиришкен.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлүп, ошол эле күнү кеңешме Жогорку Кеңештин сайтына 17-ноябрда жарыяланган Конституциянын долбоорун талкуулоого киришти. Анда референдумду 2021-жылы 10-январда президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү сунушталууда.

Долбоорду колдогондор, эгер ал кабыл алынса, анда Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат.

Коомдук-саясий чөйрөдө бул долбоорду сындагандар болсо «Кыргызстан авторитардык президенттик башкаруу түрүнө кайтып, ал түгүл президент хан сыяктуу кеңири бийликке ээ болгону жатат» деген кайчы пикирлерин айтууда. 22-ноябрда жарандык активисттер Бишкек шаарында Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы нааразылык жүрүшкө чыгышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG