Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Улуу Британия менен Канада убактылуу соода келишимине кол коюшту


Лондондогу Брекзитке каршы жыйын. 2019-жылдын 23-марты.
Лондондогу Брекзитке каршы жыйын. 2019-жылдын 23-марты.

Улуу Британия менен Канаданын бийликтери британиялыктардын Евробиримдиктен чыгуу маалында ыңгайлуу боло тургандай убактылуу соода келишимин түзүүгө жетишти.

Макулдашууда эки тараптуу жаңы келишим даяр болгонго чейинки өткөөл учурда учурдагы кызматташтык шарттары сакталары жазылган.

Британиянын айтымында, азыркы тапта Канада менен анын соода жүгүртүүсү 22 жарым миллиард еврону түзөт. Болочокто бул эки өлкөнүн өз ара соода карым-катнашы мындан да жогорку чектерге жетиши ажеп эмес.

Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуудагы өткөөл мезгилинин аякташына болгону алты аптадай убакыт калды. Быйыл 31-декабрда өткөөл мезгил соңуна чыгат. Жаңы жылдан тартып Улуу Британия Евробиримдик башка мамлекеттер менен түзө турган макулдашууларга киргизилбей калат.

Улуу Британиянын өкмөтү Евробиримдиктен чыккандагы өзүнүн өлкөсүнүн тартчу зыяны бул шаркетке кирбеген шартта дүйнө жүзүнүн өлкөлөрү менен өз алдынча эки тараптуу келишимдерди түзүү аркылуу жетишилчү алда канча көп кирешеси аркылуу толукталаарына үмүт байлап келет.

Улуу Британия дүйнөнүн 53 өлкөсү менен "Брекзиттен кийинки" соода карым-катнашы жаатында эки тараптуу келишим түзүүгө жетишти (алардын арасында Жапония да бар).

Брекзитке чейин Улуу Британиянын Евробиримдик менен тышкы соода байланышы анын жалпы дүйнөлүк соода жүгүртүүсүнүн 47 пайыздайын түзүп келди. Бирок азырынча Британия өзүнүн негизги соода шериги - Евробиримдик менен келечектеги соода алакалары боюнча келишимге жетише элек.

XS
SM
MD
LG