Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Лондон менен Брюссел мунаса тапты


Британ премьери Борис Жонсон (солдо) менен Еврокомиссиясынын президети Жан-Клод Юнкер, Брюссел, 17-октябрь 2019-жыл.
Британ премьери Борис Жонсон (солдо) менен Еврокомиссиясынын президети Жан-Клод Юнкер, Брюссел, 17-октябрь 2019-жыл.

Британия менен Евробиримдик Брекзит боюнча жаңы келишимге жетишти. Эгер бул документти эки тараптын парламенттери жактырса, Британия 31-октябрда шаркеттеги мүчөлүгүн токтотот. Бирок британ парламентиндеги коалицияга кирген партия азыртадан эле келишимди колдобой турганын ишара кылууда.

Лондон менен Брюссел Брекзит үчүн берилген убакыт аяктарына эки жума калганда жаңы келишим боюнча мунаса тапканын жарыялашты. Европа комиссиясынын президенти Жан-Клод Юнкер Британиянын шаркеттен кандай шартта чыгары жазылган макулдашуу түзүлгөнүн ырастап, уюмдун мүчөлөрүн аны колдоого чакырды.

- Бизде келишим бар. Бул Брекзиттин мөөнөтүн узартуунун кажети жок дегенди билдирет. Акыйкат жана тең салмактуулук сакталган макулдашуу болду. Документ Брекзит жараянынан улам жаралган белгисиз абалга аныктык киргизет. Жарандарыбыздын укуктарын, Ирландия аралындагы тынчтык жана туруктуулукту коргойт, - деди Юнкер.

2016-жылы британ шайлоочулары Евробиримдиктен чыгууну колдошкон. Лондон менен Брюсселдин ортосундагы буга чейинки Брекзит келишиминин долбоорун быйыл британ парламенти бир нече ирет четке каккан. Натыйжада Еврошаркет Лондонго 31-октябрга чейин убакыт берген.

Брекзитти колдогондордун Лондондогу акциясы, 14-октябрь 2019-жыл.
Брекзитти колдогондордун Лондондогу акциясы, 14-октябрь 2019-жыл.

Эски келишимде Британия менен Евробиримдик чектешкен жердин же Лондонго баш ийген Түндүк Ирландия аймагы менен Евробиримдиктин мүчөсү Ирландия Республикасынын ортосундагы чек аранын макамы талаш-талкуу жараткан.

Лондон менен Брюссел Британия Евробиримдиктен чыккандан кийин да тарыхый жактан байланышы бар Түндүк Ирландия менен Ирландиянын чек арасында жаңы текшерүү пункттары ачылбайт деп макулдашкан. Бирок Брекзит же ажырашуу жараяны ишке ашкандан кийин эки тарап эки башка бажы нормалары менен иштей баштаса, чек арада баары бир кошумча текшерүү жүргүзүүгө туура келет.

Эми жаңы келишим бул маселени чече турганы кабарланды. Тактап айтканда, Түндүк Ирландия Евробиримдиктин бирдиктүү рыногунун эрежелери менен иштеп, ошол эле учурда Британиянын бажы аймагынын мүчөсү бойдон кала берет. Эгер Евробиримдиктен Түндүк Ирландияга кирген товарлар Британиянын башка аймактарына кетпесе, алардан бажы төлөмү алынбайт.

Британ премьери Борис Жонсон мурда өзү убада кылгандай Лондон белгиленген мөөнөттө Еврошаркеттен чыгарын айтты:

- Бул келишим "эми биз чыныгы Брекзитти ишке ашырабыз" жана "Британия 31-октябрда толугу менен уюмдан чыгат" дегенди билдирет. Эми Түндүк Ирландия жана Британиянын ар бир аймагы эркин соода келишимдерин гана түзүп тим болбойт. Өзүбүздүн тарифтерибизди сунуштоого жана товарларыбызды дүйнө жүзүнө экспорттоого жол ачылат, - деп белгиледи Жонсон бейшемби күнү Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө.

Британ парламенти келишимге ишемби күнү добуш берет.
Британ парламенти келишимге ишемби күнү добуш берет.

Кантсе да Евробиримдиктин 17-октябрдагы күзгү саммитинин алдында макулдашылган бул келишим Британиянын жана Евробиримдиктин парламенттери жактыргандан кийин гана күчүнө кирет. Лондондогу айрым саясатчылар аны азыртадан эле сындай башташты.

Британ парламенттиндеги оппозициячыл Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин жаңы келишим мурдагы премьер Тереза Мэй сунуштаган макулдашуудан да начар көрүнүп жатканын айтты.

Ал эми британ премьери Жонсондун Консерваторлор партиясы менен бир коалицияга кирген Түндүк Ирландиянын Демократиялык биримдикчил партиясы келишимди колдобой турганын ишара кылды. Партия тараткан билдирүүдө жаңы документте Түндүк Ирландиянын экономикалык кызыкчылыгы толук эске алынбаганы, бул чөлкөмдүн Британия менен биримдигине шек келтире турганы белгиленген.

Кантсе да Борис Жонсон парламенттин ишемби күнгө белгиленген чукул жыйынында депутаттарды келишимди колдоого көндүрүүнү көздөп жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG