Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Пакистандык исламчылар тобу Исламабаддын автожолун тороону токтотушту


Пакистандын коопсуздук күчтөрү Исламабадга кетчү кан жолду ашынган диний топтун өкүлдөрүнүн кирип келишинен кайтарып турушат. 16-ноябрь, 2020-жыл.
Пакистандын коопсуздук күчтөрү Исламабадга кетчү кан жолду ашынган диний топтун өкүлдөрүнүн кирип келишинен кайтарып турушат. 16-ноябрь, 2020-жыл.

Франциянын президентинин ислам тууралуу сөзүнө каршы нааразылык иретинде Исламабад шаарынын кан жолун тороп алган диний топтун өкүлдөрү 17-ноябрда кайра жолду ачышты. Пакистандын бийлиги нааразылыкка чыккандарга «Франциянын элчисин өлкөдөн чыгаруу маселесин талкууга алабыз» деп убада берген соң, алар ушундай чечим кабыл алган.

Пакистандагы ашынган оңчул диний-саясий уюм саналган «Техрик-и Лаббайк Пакистан» (ТЛП, «Кызматыңыздамын, Пакистан!» кыймылы) партиясынын өкүлдөрү 15-ноябрда полиция менен кагылышууга барып, андан соң борбор шаар Исламабадга кетчү маанилүү автожолду тороп алышкан болчу.

Алар Франциянын президенти Эммануэл Макрондун октябрдын соңундагы сөз эркиндигин, анын ичинде Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатураны жарыялоо эркиндигин коргогон сөзүнө нааразылык билдиришип, Франциянын Пакистандагы элчисин өлкөдөн чыгарып жиберүүнү жана француз товарларына бойкот жарыялоону талап кылып чыгышты.

Пакистандын ички иштер жана диний иштер министри 16-ноябр күнү кечкурун нааразылыкка чыккандардын жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүп, «Франциянын элчисин өлкөдөн чыгаруу маселеси парламентте талкууга алынат» деп аларга убада берген.

Маалыматка караганда, пакистандык бийлик өкүлдөрү француз товарларына бойкот жарыялоо тууралуу да убада берген, бирок бул убадага импортко тыюу салуу да кирер-кирбеси ачык айтылган эмес.

ТЛП партиясынын басма сөз өкүлү Кары Зубайр: «Талаптарыбыз кабыл алынган соң, биз таркап кеттик», - деп билдирди.

Ал эми Франциянын президенти Макрон болсо айрым мусулман чөйрөлөрүндө өзүн алиги карикатураны колдоого алган дегендей калпыс түшүнүк жаралганына кейигендигин айтып, Франциянын бийлиги эркин сатиралык журналга эч тиешеси жок экенин, мусулмандар исламды бурмалагандардын кесепетин көбүрөөк тартып жатышканын белгилеген.

Быйыл 18-октябрда франциялык Самюэл Пати аттуу мугалимди сабак маалында Мухаммед пайгамбардын элеси бар карикатураны көрсөтүп, сөз эркиндиги тууралуу айтканы үчүн 18 жаштагы чечен бозгуну мыкаачылык менен өлтүргөн. Президент Макрон бул окуяны террордук кылмыш катары айыптап, өлкөдө сөз эркиндигин камсыз кыла берүүгө чакырган.

Дүйнөдөгү айрым мусулман жамааттары Макрондун сөзүн исламга каршы аракет катары айыптап чыгышкан.

XS
SM
MD
LG