Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:37

Шакаба сүрөт Париж менен Анкараны айтыштырды


Режеп Тайып Эрдоган менен Эммануэль Макрон Мухаммед пайгамбардын шакаба сүрөттөрүнө байланыштуу соңку окуялардан улам кайым айтышып жатат.
Режеп Тайып Эрдоган менен Эммануэль Макрон Мухаммед пайгамбардын шакаба сүрөттөрүнө байланыштуу соңку окуялардан улам кайым айтышып жатат.

Париж Анкаранын "опузасына" моюн бербейт. Бул тууралуу француз өкмөтүнүн расмий өкүлү Габриел Атталь билдирди.

Мунун алдында франциялык «Charlie Hebdo» журналы түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын шакаба сүрөтүн жарыялаган. Муну расмий Анкара кескин айыптап, кесепети оор болорун эскерткен.

Франция менен Түркия Мухаммед пайгамбардын шакаба сүрөттөрүнө байланыштуу соңку окуялардан улам кайым айтышып жатат.

Режеп Тайып Эрдогандын шакаба сүрөтү «Charlie Hebdo» журналынын соңку санынын башка бетине жарыяланды. Анда Эрдоганды ак ич кийимчен отургузуп, хижаб кийип, стакан көтөргөн аялдын этегин ачып жатканын тартышкан.

Президенттин басма сөз өкүлү Фахреддин Алтун муну «маданий расизмди жана жек көрүнүү козуткан жийиркеничтүү аракет» деп атады. Вице-президент Фуат Актай «Твиттердеги» баракчасына «Силер сөз эркиндигине жамынып алып эч кимди алдай албайсыңар» деп жазды жана дүйнө коомчулугун «мындай абийирсиз ишти» айыптоого чакырды.

Түркиядагы NTV телеканалы өлкөнүн Башкы прокуратурасы Эрдогандын шакаба сүрөттөрүнөн улам кылмыш ишин козгонун маалымдады.

Түрк мамлекеттик басылмалары да өз кезегинде Франциянын президенти Эммануэль Макрондун шакаба сүрөттөрүн басып чыгарышты.

Француз өкмөтүнүн өкүлү Габриел Атталь 28-октябрда басма сөз жыйынында Түркиянын опузасы суу кечпейт деп айтты:

«Мен опузага карабай, Франция өз принциптеринен жана баалуулуктарынан, ошондой эле сөз эркиндиги жана макалаларды жарыялоо эркиндигинен эч качан баш тартпайт деп айткым келет».

Буга чейин француз президенти Эммануэль Макрон анын өлкөсү карикатуралардан баш тартпасын бир канча жолу билдирген. Ал секулярдык мамлекетти коргоп, радикалдуу ислам менен күрөшөрүн айткан.

Режеп Тайып Эрдоган шаршембиде партиялаштары менен жолугуп жатып, "Мухаммед пайгамбарга коюлган чабуулга каршы туруу Анкара үчүн намыстын иши" деп айтты:

«Булар кадимкидей эле Крестүүлөрдүн жортуулдарын жандандыргысы келип жатат. Мындай жортуулдардан улам жек көрүү, зулумдук орногон. Бейкуттук ошондо бузулган. Меккеде, Мединада, Африкада, Азияда, Европада, дүйнө жүзүндө жана ар убакта сыйлаган биздин пайгамбарыбызды мындай чабуулдан коргоо биз үчүн чоң сыймык».

Түрк президенти элин француз буюм-тайымдарын сатып албоого чакырган. Иордания, Катар жана Кувейтте да Францияда жасалган продукцияларды бойкот кылган учурлар катталган. Соңку окуялардан улам Франциянын Тышкы иштер министрлиги мусулман өлкөлөрүндө жүргөн жарандарын сак болууга чакырган.

Париж менен Анкаранын алака-катышы француз президенти Эммануэль Макрон ашынган исламчыларга каршы күрөш жарыяланарын билдиргенден кийин курчуп кеткен. Анын мындай билдирүүсүн түрк президенти Эрдоган кескин сындап чыккан.

Соңку тирешке ушул айдын ортосунда Париждин четиндеги мектептин мугалими Самюэл Патинин өлтүрүлүшү себеп болгон. Анын алдында Пати сабак өтүп жатканда сөз эркиндиги боюнча сөз кылып, окуучуларга Мухаммед пайгамбардын шакаба сүрөтүн көрсөткөн. Теги чечен 18 жаштагы жигит аны мыкаачылык менен өлтүргөн. Мындан кийин бир топ адам камакка алынып, Франциядагы мусулмандарды текшерүү күчөгөн.

XS
SM
MD
LG