Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Бангладеште француз президентин сындаган акция өттү


Бангладештин баш калаасындагы жүрүш. 30-октябрь, 2020-жыл.
Бангладештин баш калаасындагы жүрүш. 30-октябрь, 2020-жыл.

Бангладеште түмөндөгөн мусулмандар француз президенти Эммануэл Макрондун билдирүүлөрүн сынга алган акцияга чыгышты. Жума күнү Дака шаарында жүрүшкө чыккан митингчилер француз товарларын бойкот кылууга чакырып жатышты. Ошондой эле «Charlie Hebdo» журналынын Мухаммед пайгамбардын карикатурасынын жарыялаганын жана сөз эркиндигин колдогону үчүн француз президентин айыпташты.

Карикатурага байланыштуу француз бийлигинин позициясын айыптаган жүрүштөр буга чейин Түркия, Пакистан сыяктуу айрым өлкөлөрдө да өткөн. 30-октябрда Кыргызстандын Ош шаарында да белгисиз бирөөлөр француз президенти Макрондун жүзүнө буттун изи түшүрүлгөн сүрөттөрдү жолго жабыштырып кеткени белгилүү болду.

16-октябрда Париждин жака-белинде окуучуларына журналдагы Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн мугалим Самюэл Пати өлтүрүлгөн. Француз бийлиги аны Абдулла аттуу 18 жаштагы качкын өлтүргөнүн билдирген.

26-октябрда Франциянын президенти Эммануэл Макрон өлкө дүйнөбий мамлекеттин баалуулуктарын коргоону жана радикал исламга каршы күрөштү уланта бере турганын айткан.

Бул окуяларды улай 29-октябрда Франциянын Ницца шаарындагы чиркөөнүн аймагында бычак көтөргөн бир кылмышкер үч адамды өлтүрүп кетти. Жергиликтүү маалымат каражаттары шектүү 21 жаштагы тунисттик жаран экенин кабарлап жатат. Дүйнө коомчулугу Ниццадагы соңку чабуулду кескин айыптап чыкты.

XS
SM
MD
LG