Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:08

Карабак үчүн кармаш: Азербайжан Шушаны алганын жарыялады


Тоолуу Карабактагы Шуша шаарынын кире бериши.
Тоолуу Карабактагы Шуша шаарынын кире бериши.

Жикчил Тоолуу Карабактын бийлиги стратегиялык Шуша шаары Азербайжандын карамагына өткөнүн ырастады. Ал ортодо 9-ноябрда Армениянын аймагында орусиялык тик учак атып түшүрүлүп, эки адам каза болду.

Тоолуу Карабактагы стратегиялык саналган Шуша шаарын Азербайжан көзөмөлгө алганын бул аймактын жикчил бийлиги бир күн өткөн соң ырастады.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактын президентинин маалымат катчысы Ваграм Погосян айыгышкан салгылаштан соң азери күчтөрү Шушаны басып алганын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

“Тилекке каршы, бүгүн бир нече ийгиликсиз окуя бизди тооруду. Шуша шаары толугу менен биздин көзөмөлдөн чыкты”- деп айтылат билдирүүдө.

Тоолуу Карабактын өкүлү Шушаны кайра кайтарып алуу үчүн бардык күчтү эми Степанакерт шаарын коргоого жумшоо зарыл экенин кошумчалады.

Анткен менен Армениянын бийлиги тарыхый шаар колдон чыкканын четке кагууда. Бул өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян "Фейсбуктагы" баракчасына “Шуша үчүн салгылаш уланууда” деп жазганы менен эч кандай далил келтирген жок.

Никол Пашинян
Никол Пашинян

Тоолуу Карабактагы экинчи чоң шаар саналган Шуша алынганын 8-ноябрда азери президенти Илхам Алиев жарыялаган болчу.

Бул жаңылыкты азербайжандыктар кубаныч менен кабыл алышты. Бакунун көчөлөрүнө жүздөгөн адамдар чыгып, Шушанын алынганын белгилеп жатышты.

Соңку күндөрү Тоолуу Карабакты кайтаруу боюнча иши оңунан чыгып жаткан Азербайжандын бийлиги согушту соңуна чыгаруу боюнча өз шартын коюп жатат.

Президент Алиев “Би-Би-Сиге” курган маегинде Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен тынчтык сүйлөшүү өткөрүүнүн кажети жок экенин айтты:

Илхам Алиев
Илхам Алиев

“Мунаса табуу үчүн андай деле көп мейкиндик калган жок. Себеби, биз бул аймактарды күч менен алып жатабыз. Алар убакыттан уттуруп жатышат. Эгер алар акыл-эс менен аракет кылса, биз өзүн-өзү башкаруу боюнча мүмкүн болгон формаларды талкуулоого даярбыз. Бирок ачык айтканда, Армениянын азыркы премьер-министри турганда тынчтык боюнча сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүктөрдү көрбөй турам”.

Шуша шаары жикчил аймактын борбору Степанакерт менен Армения аймагын бириктирген негизги жолдун боюндагы дөңсөөдө жайгашкан. Ошондуктан, байыркы шаарга ким ээлик кылса, ал Тоолуу Карабактын борбору Степанакертти көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алат.

Мындан сырткары Шуша эки өлкө үчүн тең тарыхый жана маданий жактан да абдан баалуу. 1991-94-жылдардагы жаңжалга чейин Шушанын калкынын көпчүлүк бөлүгүн азербайжан улутундагылар түзгөн.

Азербайжан Орусиянын тик учагын атып түшүрдү

Ал ортодо 9-ноябрда Орусиянын Коргоо министрлиги Армениянын аймагында тик учагы атып түшүрүлгөнүн жарыялады. Азербайжан менен чектешкен жерге кулаган тик учактагы эки учкуч каза болуп, бирөө жаракат алган.

Орус Коргоо министрлиги "МИ-24" үлгүсүндөгү учак жерден зениттик-ракеталык система менен аткыланганын кабарлады. Аталган учак Орусиянын Арменияда жайгашкан 102-армиясынын автоколонасын коштоп бара жаткан.

Бул маалымат чыккан соң Азербайжан учакты кокусунан атып түшүргөнүн моюнга алып, орус тараптан кечирим сурады.

Расмий Баку соңку окуя үчүн кенемте төлөөгө даяр экенин да кошумчалады.

Орусия Армениянын эң негизги аскердик өнөктөшү. Бул эки өлкө сырттан аскердик коркунуч туулган учурда бири-бирине жардам көрсөтүүнү максат кылган Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун катышуучулары.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова 9-ноябрда Москва Тоолуу Карабак жаңжалын тынчтык жолу менен чечүүгө бардык аракетин көрүп жатканын билдирди:

Мария Захарова
Мария Захарова

“Орусия жаңжалга эмес, аны жөнгө салууга активдүү катышууну пландап жатат. Ошондуктан, биз абалды жөнгөрүп, тараптар сүйлөшүүлөрдү башташы үчүн бардык мүмкүнчүлүктү колдонуп жатабыз”.

Буга чейин Орусиянын арачылыгы менен эки жолу, АКШнын ортомчулугу менен бир жолу түзүлгөн тынчтык келишими башталбай жатып эле бузулган эле.

Мындай жол менен Тоолуу Карабактагы жаңжалдын аягы көрүнбөй турат. Бул өз кезегинде бул аймактагы курмандыктардын көбөйүшүн шартташы мүмкүн.

9-ноябрда жикчил Тоолуу Карабактын бийлиги дагы 44 аскердин набыт болгонун кабарлады. Муну менен армян тараптан каза болгон аскерлердин саны 1221ге жетти.

Азербайжан болсо канча аскерди жоготконун ачык жарыялабай келет.

27-сентябрдан бери уланып жаткан Карабак кризисин чечүү боюнча эл аралык аракеттерден да майнап чыкпай жатат. Буга чейин абалды жөнгө салуу боюнча ЕККУнун алкагындагы Минск тобунун сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз аяктаган.

Бул жолу түркиялык маалымат каражаттары Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган орус президенти Владимир Путинге чатакты жөнгө салуу боюнча жумушчу топ түзүүнү сунуштаганын жазып чыкты.

Бирок орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Тоолуу Карабак 1990-жылдардын башындагы согуш маалында Бакудан бир тараптуу өз алдынчалык жарыялап алган.

Салгылашуулар башталган алты аптадан бери кеминде миң киши каза болгону айтылууда. Бул аймактагы жарым кылымдан берки көп кишинин өмүрүн алган катуу кагылыш болуп калды. Ок атышууну токтотуу боюнча бир нече жолку аракет ишке ашкан эмес.

Тоолуу Карабакта кырдаал курч
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:13 0:00

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG