Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Баку менен Ереван бири-бирин айыптады


Азербайжандын Ганжа шаары соккудан кийин, 18-откябрь 2020-жыл
Азербайжандын Ганжа шаары соккудан кийин, 18-откябрь 2020-жыл

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабактын айланасындагы ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашууну бузду деп бири-бирин айыпташууда. 17-октябрда жекшембиден тарта жарашуу күчүнө кирери жарыяланып, сентябрдын аягында курчуп кеткен кырдаалды жөнгө салууга экинчи аракет көрүлгөн.

Эки өлкөнүн тышкы иштер мекемелери ок атышпоо тууралуу сүйлөшүлгөнүн ишембинин кечинде өз сайттарында жарыялашкан. Анда бул чечим Минск тобуна кирген Франция, Орусия жана АКШ президенттеринин билдирүүлөрүнөн кийин кабыл алынганы айтылган. ЕККУнун Минск тобу 1988-жылы Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салуу максатында түзүлгөн.

Соңку салгылашууларда бери дегенде 600 аскер жана карапайым тургун каза болду. Эки өлкө ортосунда Тоолуу Карабактын макамынан келип чыккан согушка чекит койгон 1994-жылкы келишимге жетишилгенден бери мынча жоготуу болгон эмес эле.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын бир бөлүгү деп тааныган аймакты Ереван колдогон этностук армяндар көзөмөлдөшөт.

Эки өлкө ортосунда Тоолуу Карабак аймагынын айынан 27-сентябрда куралдуу чатак кескин курчуп кеткен. Баку жана Ереван эскалация үчүн бири-бирин айыпташууда. Эки тараптан тең өлгөндөр, анын ичинде карапайым жашоочулар арасында жоготуулар бар.

Бул жолку кагылышуулар Бакунун жакын өнөктөшү Түркия, Ереван мүчө болгон Жаматтык Коопсуздук Келишим Уюмунда лидерлик кылган Орусиянын катышуусундагы ири жаңжалга айланып кетиши ыктымал деген кооптонуулар жок эмес.

18-октябрдагы жарашуу күчүнө кирип-кирбей жатып эле Армения менен Азербайжан аны бузгандыгы үчүн бири-бирин күнөөлөштү.

Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян азери аскерлерин жаңжал аймагын аткылагандыгы, ракетадан сокку ургандыгы үчүн айыптады. Ал эки тараптан тең өлгөндөр, жарадар болгондор бардыгын кошумчалады.

Азербайжандын Коргоо министрлиги армян күчтөрү макулдашууга карабай түнү бою аймакты аткылашканын, эртең менен бир нече багытта сокку урушканын билдирди.

Министрлик ошондой эле Армения чек арада, Тоолуу Карабактын түндүк тарабына чабуул коюу үчүн ири калибрдеги курал-жарак колдонгондугун айыптады. Армян аскерлери муну четке кагышты.

Ал ортодо Тоолуу Карабактын бийлиги жекшембиде дагы 40 жоокерин жоготконун билдирди. Муну менен согуштук аракеттер башталгандан бери каза болгон аскерлеринин саны 673кө жетти.

17-октябрда Азербайжандын экинчи ири шаары Ганжанын калктуу районуна ракета тийип 13 киши мерт кеткен, 50дөн ашууну жараланган. Ракета кайсы жактан атылганы белгисиз. Калаа Армения менен чек арадан 100 чакырым жерде орун алган.

Буга чейин өткөн жумада жарыяланган ок атышпоону эки тарап тең аткарбай, дароо бузушкан.

Азери куралдуу күчтөрү жоготуулардын санын жарыялаган жок. Ишемби күнкү соккудан чейин ондогон жайкын тургундун өлұмұ тууралуу кабарланган.

Баку менен Ереван Тоолуу Карабак аймагы үчүн 1980-жылдын аягынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

XS
SM
MD
LG