Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Шайлоого кеткен миллиондор, акча доолаган талапкерлер


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышкан партиялар үгүт иштерине 670 млн. сомго жакын каражат коротушту.

Алардын ичинен «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» шайлоого эң көп акча сарптады. Айрым сайттар бийликчил деп сыпатталган партиялардын лидерлерине акча берген талапкерлер каражатын доолай баштаганын жазып чыгышты.

Октябрда өткөн парламенттик шайлоо өлкөдө чуулгандуу эле эмес, эң көп акча коротуу жагынан да алдыга чыкты.

Саясий жарышка катышкан 14 партиянын шайлоо фондуна 668 млн. 864 миң сом которулуп, анын 668 млн. 582 миң сому сарпталды.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы 142 млн. 503 миң сом коротуп, эң бай партиялардын биринчи тизмесине жазылды. Андан кийин эле «Кыргызстан» партиясы турат. Ал шайлоого 123 млн. 666 миң сом кетирди. «Биримдик» 104 млн. 664 миң сом, «Ата Мекен» 52 млн. 833 миң сом, «Республика» партиясы 51 млн. 848 миң сомду үгүт иштерине салды. Калган партиялар 50 млн. сомдон баштап эң азы алты млн. сом сарптады.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышкан партиялардын шайлоо фонду тууралуу маалымат.
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышкан партиялардын шайлоо фонду тууралуу маалымат.

Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, андан кийинки башаламандык басаңдап калганда партиялардагы каржылык иштерге байланыштуу маселе көтөрүлдү. «Вечерний Бишкек» сайты жеке булактарына шилтеме берип, «Биримдик» партиясынын алдыңкы 40 сабына кирген айрым талапкерлер партия лидерлеринен шайлоодо берген акчасын талап кылып жатканын жазды. Маалымат боюнча, сөз 500 миң доллардан бир миллион долларга чейинки сумма тууралуу болуп жатат.

«Биримдик» менен шайлоого катышкан депутат Төрөбай Зулпукаров партияда «алтын орун» деген түшүнүк болбогонун, ар бир талапкер шайлоого кеткен чыгымды өзү көтөргөнүн билдирди. Ушул эле партия менен шайлоого барган дагы бир депутат Махабат Мавлянова каржылык иштер тууралуу мындай деди:

Махабат Мавлянова.
Махабат Мавлянова.

«Мен акча берген жокмун. Бирок үгүт иштерине өз чөнтөгүмдөн төлөдүм. Штабдан эч ким жардам берген жок. Ачыгын айтканда эл менен жолугушууга көп акча керек. Талапкер акчасы жок шайлоого бара албайт го дейм. Эгерде талапкер партияга акча берген болсо партия кайра эле үгүт иштери үчүн акчаны коротту да. Мен ушинтип уккам. Которулган акчаны үгүт иштери үчүн кайра беришкен».

Кыргызстанда 2015-жылдагы парламенттик шайлоо эң кымбат шайлоо деп табылган. Анда партиялар 777 млн. сомдон ашык каражат сарпташкан.

Быйыл мындан беш жылдагыга салыштырмалуу партиялар стадион толо эл чогултуп, ырчы-чоорчуларды жалдабаганы менен 670 млн. сомго чукул акча коротушту. Бул Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) гана берген расмий маалымат. Байкоочулар партиялар мындан тышкары көмүскөдө миллиондорду шайлоого саларын айтып келишет.

Партиялардын алдыңкы ондугуна, жыйырманчы, отузунчу тизмесине кирүү өзүнчө машакат экенин талапкерлер деле танбайт. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» менен катышкан депутат Марлен Маматалиев алдыңкы орунга жазылуу үчүн канча каражат керек экенин ачыктаган эле.

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

«Кайра эле акча маселеси. Мына тизмеде биринчи болуш үчүн 500 миң, бир миллион долларга чейин берип жатышты», - деген.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын төрагасы Мирлан Бакиров Маматалиевдин бул айткандарын партияга байланыштырууну туура эмес деп билдирген.

Ушу тапта бийликчил деп саналган партиялар менен шайлоого катышып, аз эмес каражат берген талапкерлер мандаттан же акчадан жок калып, партия лидерлеринен каражатты кайтарып берүүнү талап кылып жатканы тууралуу айрым сайттар жазып жатышат. Азырынча аны ачык айтып чыккандар жок.

Кыргызстанда шайлоодон кийинки саясий кризисте парламент депутаттары чогула албай, Жогорку Кеңеште кворум болбой жатты. Депутат Сайдулла Нышанов анын себебин мындайча божомолдогон:

Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

«Шайлоого 89 депутат катышыптыр. Ошол 89 депутаттын жарымынан көбү аябай чыгым болду. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганда кээ бирлери бир жума өзүнө келе албай жатты. Биринин кан басымы көтөрүлдү, айрымдары мүмкүн ичип кетти. «Шайлоодо 100 миңден, миллион долларга чейин чыгым болду» деп айтылууда. Билинбегени менен алардын ден соолугуна зыян тийди».

Мыйзам боюнча, партиялардын шайлоо фондуна каражат төрт булактан чогултулат. Талапкерлер өздөрү бир которгондо 1,5 млн. сомдон ашпаган акчаны эсепке сала алат. Саясий партиянын өзүнүн каражаты болушу мүмкүн. Ал 100 млн. сомдон көп болбошу керек. Андан тышкары жеке тараптар 200 миң сомдон, юридикалык жактар 300 миң сомдон ашык эмес акчаны шайлоо фондуна сала алат. Партиянын шайлоо фонду жалпысынан 300 млн. сомдон көп болбошу керек.

Бирок жогоруда депутат Махабат Мавлянова айткандай, өз чыгымын өзү көтөрүп, бөлүнгөн аймакта үгүт иштерин жүргүзгөндөр көп. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев акыркы тыйынына чейин шайлоого салып, бийликчил партияларды жандаган талапкерлер тууралуу буларга токтолду;

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

«Алар «биз буюрса өтөбүз» деп ишенген. Ошондуктан бийликчил партияларды каржылашты да. Партия лидерлери каражатты көбүрөөк топтош үчүн талапкерлерди алдыңкы бештикке, ондукка киргизели деген системаны иштетишет. Баары эле алдыңкы орунга жазылууну каалайт. Себеби, партия канча добуш алары белгисиз. «Партия беш мандат алат» деп туруп алдыга жазылат. «Беш болбосо да он орун парламентте болот» деген ишеним менен да жазылышат»,-деди Молдалиев.

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразылык массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер президент жана Жогорку Кеңеш отурган имаратты басып алышкан. Митингдерден соң Кыргызстанда бийлик толугу менен алмашкан, БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

XS
SM
MD
LG