Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:28

Өкмөт Жапаровдун ден соолугу тууралуу маалыматын кайра төгүндөдү


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Дастан Дүйшөкеев Садыр Жапаровдун ден соолугуна байланыштуу «Азаттыкка» бир саат мурда айткан маалыматын төгүндөдү. Ал өкмөт башчынын ден соолугу жайында экенин айтып, маалыматты туура эмес бергенин моюнга алды:

«Мен маалыматты туура эмес жеткирип койгондуктан... Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Ден соолугу баары жайында. Кошумча айтабыз. Азыр эч кандай комментарий бере албайм».

Буга чейин Дүйшөкеев Жапаров президент менен жолугушууга ден соолугуна байланыштуу бара албай калганын «Азаттыкка» билдирген болчу.

Жапаровдун ден соолугу тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов 15-октябрда журналисттерге төмөнкүлөрдү айтты:

«Бүгүн мен анын жанында болдум. Ал ооруп жаткан. Чынында, кечээкиден кийин ал аябай ооруп калыптыр. Эртең менен мен Өкмөт Үйүнө барсам ал жакта жок экен. Сураштырсам ал жакындарыныкында экен. Ага бардым, жанында болдум. Бир саат мурда. Ошол жерден чалып калышты жана сүйлөшүү баштоого даяр экенин айтышты. Ал жөнөп кетти».

Буга чейин айрым маалымат булактары Бишкекте Жапаровдун президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу өтүп, ага бир катар саясий ишмерлер да катышып жатышканын кабарлашкан. Президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктаган эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG