Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:03

Элдик кошуунчулардын «Биздин Бишкек» кыймылы ишин жыйынтыктады


«Биздин Бишкек» кыймылынын элдик кошуунчулары.
«Биздин Бишкек» кыймылынын элдик кошуунчулары.

Бишкекте 6-октябрда башталган башаламандык күндөрү түнкүсүн шаарды кайтарган элдик кошуунчулардын «Биздин Бишкек» кыймылы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ишмердүүлүгүн жыйынтыктады. Бул тууралуу 13-октябрда «Азаттык» радиосуна кыймылдын мүчөсү Улукбек Исраилов билдирди.

Анын айтымында, дээрлик бир апта бою беш миңдей шаар тургуну 15 топко бөлүнүп иштеп жатты.

«Жетекчибиз Азис Абакиров болду, - деди ал. - Мындан тышкары 20дан ашуун координатор иштеди. Жалпысынан беш миңдей адам болдук. Биринчи күндөрү бир аз оор болду, себеби уюштуруу иштери жөнгө салына элек болчу. Кийин координаторлор дайындалгандан кийин оңоюраак болду. Бишкекте 15 жерде иштеп жаттык».

«Биздин Бишкек» кыймылынын элдик кошуунчулары.
«Биздин Бишкек» кыймылынын элдик кошуунчулары.

Исраилов элдик кошуунчулар арасында 10-15 кыз да болгонун, алар негизинен штабда кызмат кылып, уюштуруу иштерине жигердүү катышканын билдирди.

«Биздин Бишкек» кыймылынын жетекчилиги жана координаторлору:

1) Азис Абакиров – «Биздин Бишкектин» негиздөөчүсү.

2) Азамат Акелеев - жетекчиси.

3) Бексултан Окенов – координациялык штабдын жетекчиси.

4) Исраилов Улукбек – уюштуруу иштери боюнча жетекчи.

5) Гүлбарчын Сүйүнова – тамак-аш жеткирүү боюнча жетекчи.

6) Юлдашев Байышбек – Байтик Баатыр/Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши боюнча координатор.

7) Гуля Елисеева – «Миң түркүн» дүкөнү боюнча координатор.

8) Канагат Кадыралиев - Бөкөнбаев/Акиев көчөлөрүнүн кесилиши боюнча координатор.

8) Талгат Рахимжанов – «Азия Молл» борбору боюнча координатор.

9) Чыңгыз Үсөнов - «Мото» борбору боюнча топтун координатору.

10) Кирилл Иргисцев – Ибраимов/Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилиши боюнча координатор.

11) Руслан Чагай - Абдрахманов/Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши боюнча координатор

12) Алмаз Жунусов – «Прего» боюнча штабдын координатору.

13) Тимур Тимерханов – «Сенатор» боюнча координатор.

14) Ильяс Абдуллин – кичи райондор боюнча координатор.

15) Виктор Степанников – «Вефа» боюнча координатор.

16) Азизхан Сыдыков – «Чоң-Арык» боюнча координатор.

17) Нуржигит Сеитбеков – мобилдик топтун координатору.

18) Калыс Майер – мобилдик топтун координатору.

19) Азамат Усубакунов – Шабдан баатыр/Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши боюнча координатор.

20) Азиз Такыбаев – «Азия молл» боюнча координатор.

21) Ибрагим Месгарани –«Вефа» боюнча координатор.

22) Изат Мухаметалиев – координатор.

Исраиловдун айтымында, штаб шаардын коопсуздугу боюнча ишин жыйынтыктап, эми коронавируска чалдыккандар жардамга муктаж болсо, ушул багытта иштөөнү пландоодо.

«Биздин Бишкек» кыймылынын элдик кошуунчулары.
«Биздин Бишкек» кыймылынын элдик кошуунчулары.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоодон кийин Бишкекте нааразылык акциясы өтүп, башаламандык башталган. 6-октябрга караган түнү бийликтин негизги имаратына митингчилер бастырып кирип барышкандан кийин көчөдө милиция кызматкерлери дээрлик көрүнбөй калган. Ички иштер кызматкерлери кадимки тартипте кызматын өтөөгө бир күндөн кийин киришкен.

Бир нече күн бою шаардын ар кайсы жерлеринде жаалданган топтор жүрдү. Алардын айрымдары талоончулукка өтүүгө аракет кылышты, бирок негизинен мындай көрүнүшкө жол берилген жок.

Туруксуздук күндөрү бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын имараттары да коопсуздук чараларын күчөтүүгө муктаж болгон. Алардын арасында «Азаттык» радиосунун кеңсесин кайтарууга да элдик кошуунчулар чоң жардам беришти. (RK)

XS
SM
MD
LG